Жогорудагы саптардан даана көрүнүп тургандай бул вариантта жалпы уруш, уруштан кийинки колдун көрүнүш абалын баяндаган картиналар сыяктуу өтө жалпылык маанидеги элестер да айрым индивидиумдардын абалы, конкреттүү сүрөттөөлөр аркылуу көз алдыга реалдуу тартылгандыктан анын таасир берүү күчү өтө зор. Бул варианттагы көп кырдуу турмуш көрүнүштөрүнүн өтө чеберчилик менен көркөм баяндалып, эң таамай жана жанга жагымдуу эстетикалык рахат берерлик даражада тартылган таасирдүү элестери, каармандардын кылдаттык менен иштелип чыккан портреттери кыргыз тилинин байлыгына, көркөмдүк күч-кубатынын чексиз экендигине айгине болуп турат.

Сагымбай Орозбак уулунан жазылган варианттын баалуу жактарынын бири — мындан элибиздин өткөндөгү көз-караш түшүнүктөрүн, үрп-адатын, турмуш-абалын изилдөөдө эң бай материал табууга боло тургандыгында. Вариант айрыкча кыргыздын үрп-адатын, салттык эрежелерин кеңири баяндайт. Той, аш, кыз узатуу, кудалашуу ж. б. сыяктуу эл арасында кеңири жайылган толгон үрп-адаттык көрүнүштөр эң майда ритуалдарына чейин толук сүрөттөлгөн учурлар көп. Керек деген адам элдин эң эски салттык эрежелеринин изин, байыркы көз-караш түшүнүктөрүнүн калдыктарын кеңири жолуктура алат. Чынында бул вариантты кыргыз элинин көп доорлордогу үрп-адат, салттык түшүнүктөрүнүн атайын топтолгон жыйындысы дешке толук негиз бар.

Кыскасы бул варианттан илимдин бир эле тармагынын эмес, бир нечелеген тармактарынын өкүлдөрү үчүн эң зарыл маалыматтар табылар эле. Мисалы, андан элибиздин тилин изилдөөчүлөр, адабиятчылар, тарыхчылар, этнографтар, философтор, географтар изилдөө үчүн эң бай материалдар табары шексиз.

«Манастын» Сагымбай Орозбак уулунан жазылган вариантында башка варианттар сыяктуу эле башкы идея — патриотизм, эл таламын коргоп, ички жана сырткы душмандарга каршы күрөш. Бул башкы теманын ачылышында эпостун традициялык ар бир эпизоду өзүнчө мааниге ээ. Мисалы, сырткы баскынчылардан кордук тарткан элдин өз эркиндиги үчүн күрөшү эпостун башталыш эпизоддорунда биринчи планга коюлуп сүрөттөлсө, ата-бабанын туулуп өскөн жерин душмандан бошотуу максаты Манастын Ала-Тоого жүрүшү, элдин Алтайдан өз жерине көчүп келиши сыяктуу окуяларда даана берилет. Ошондой эле «Көз камандар окуясы» бир тилек үчүн элди баш коштурууда ички душмандардын канчалык зыянын баяндаса, «Чоң чабуул» эң алды менен коркунучтуу душманга каршы туруу, эл башына келер азаптын алдын алуу максаттарына арналат.