САГЫМБАЙ МАНАСЧЫ ЖАНА АНЫН ВАРИАНТЫ ЖӨНҮНДӨ
Бул саптар Манас баатырдын мубакүлдүү сыр найзасынын жасалуу процессин жана сырткы көрүнүшүн сүрөттөгөн саптар. Мына бул болсо «эшик эндүү айбалта» жөнүндөгү саптар:
«Таш көмүргө таптаган,
Как ыргайга саптаган,
Көөкөрчө кылып ийдирген,
Кыл кыял чаап чийдирген,
Чагарак алтын сомдогон,
Чапкан жоосу оңбогон
Эшик эндүү ай балта».
Конкреттүү буюм, курал-жарак, же адам жөнүндө сөз болгондо эле эмес, жалпылык мүнөздөгү чоң масштабдагы картиналар сүрөттөлгөндө да көз алдыга деталдары ачык, реалдуу элестер тартылат. Мисалы, көп адамдар катышкан жалпы уруштардын бир көрүнүшү:
«Туу түбүндө турушуп,
Туубуз качпай турат деп
Кубат кылып урушуп,
Аралашкан эки кол
Ач бөрүдөй жулушуп,
Ачуудан колтук чоюлуп,
Уштап жүрүп жарагын
Алаканы жоюлуп,
Канаттын баары кайрылып,
Чапандын баары айрылып,
Этектин баары түгөнүп,
Ээрдин кашы үбөлүп,
Эриндин баары кесилип,
Эмчектин баары эзилип,
Тизенин баары тозулуп
Тизгиндин баары үзүлүп,
Тон тозулуп электей,
Томуктай болгон курган баш
Жошолоп салган челектей...»
Же ошол жалпы согуштан кийинки анын жыйынтык картиналарынын айрым көрүнүштөрү:
... «Ок жуткуруп окшутуп,
Тинтүүр менен түрткүлөп
Бекиген окту копшутуп,
Сом этине калды деп,
Чыкпай туруп алды деп,
Аштар алып колуна
Тилип жаткан андан көп.
Кол-аягы сынганды
«Былк этпе кыйшык бүтөт»—деп,
Шакшак жонуп даярдап,
Тай мөңкүткөн эмедей
Минип жаткан сандан көп.
Баланча жаман жатыр деп
Мал болобу, болбойбу,—
Биле албадым такыр деп,
Кабар берип калкына
Келип жүргөн андан көп,
Учкаштырып кай бирөөн
Желип жүргөн сандан көп,
Шалактатып өңөрүп,
Өлүгүңдү алгын деп
Берип жүргөн андан көп...»

