САГЫМБАЙ МАНАСЧЫ ЖАНА АНЫН ВАРИАНТЫ ЖӨНҮНДӨ
Албетте, элге жаккан, бардык жактан шай келген вариант түзүүдөгү жомокчунун өз талантынын деңгээлин такыр эле эсептен чыгарып салууга болбойт, бирок, ошону менен бирге эле ал манасчы өзүнөн мурдакылар иштеп чыккандарды кандай өздөштүрө алгандыгы чечүүчү мааниге ээ көрүнүштөрдүн биринен.
Сагымбайдан «Манасты» жазуу иши башталганда ал адам 55 жаштагы курагы болгон. Буга чейин ал жаш кезинен тартып эле өз доорунун эң чоң жомокчуларынан таалим алып, элге кеңири белгилүү манасчылардын артык табылгаларын кенен өздөштүрөт (албетте, ошол Сагымбайга таалим берген ар бир чоң жомокчунун өзү да так эле ушундай жолду басып өткөндүгү, өзүлөрүнө чейинкилердин табылгаларын өздөштүргөндүгү да шексиз) жана талантынын күчүнө жараша өз табылгаларын да кошумчалайт. Бул эки фактор ар бир манасчынын чыгармачылыгында чечүүчү мааниге ээ.
Сагымбайдын кимдерден таалим алгандыгы жөнүндө «Манастын» көрүнүктүү изилдөөчүлөрүнүн бири К. Рахматуллин колдо болгон жана ошол кездерде кары адамдардын берген маалыматтарына таянып: «Сагымбай ошол учурдагы чоң манасчылардын бардыгын дээрлик угат. Ал Чоңбаш, Тыныбек, Найманбайларды гана эмес, Балык менен Келдибекти да угуп, үлгү алгандыгы жөнүндө айтышат. Келдибек Сагымбайга «Манасты» айттырып көрүп жактырат, бирок, обондон жетише элек экенсиң деп обонду, кол шилтөөнү жана башка кыймыл-аракеттерди үйрөткөн экен»*1, — деп жазат.
Ар бир манасчынын түзгөн вариантынын деңгээли үчүн чоң мааниге ээ көрүнүштөрдүн бири — практика, ошол варианттын элдин эң кеңири массасынын талкуусунан өтүшү. 15 —16 жашынан тартып «Манас» айтууга киришкен Сагымбай өз вариантын кагаз бетине түшүрүүгө чейин кырк жыл чамасында эл аралап, жомок айткан. Бул мезгил ичинде ал айткан жомок эчен адамдардын, көптөгөн угуучулардын сынынан өткөнүн көз алдыга келтирүү кыйын эмес. Сагымбай жомок айтуудан башка өмүрүндө эч кесип кылбаган, үй-бүлөсүн жалаң ушул «Манас» айтуудан тапканы менен баккан адам болгон.
Жадаса 1916-жылкы үркүндө кытай жерине качып барганда да үй-бүлөсүн «Манас» айтуу менен багып, эл кырылып жаткан оор ачарчылыкта бала-бакыраларын аман алып калган экен. Билген адамдар берген маалыматтарга караганда ал адам жай дебей, кыш дебей дайым эл арасында, болгондо да бир айылдан экинчи айылга, бир өрөөндөн экинчи өрөөнгө өтүп, кыдырып жүрүп жомок айткан. Ушул кыдыруу учурларында далай жомокту, уламаны сонун билген, мурдагы белгилүү манасчылардын айткандарын уккан эл арасындагы сөзмөр адамдардын, жалпы эле элдин сынынан өткөндүгү шексиз.
Адатта, ар бир жомокчунун жомокту айтуу учурунда угуп жаткан көпчүлүк пассивдүү гана угуп тим болбойт. Эл алдында өз өнөрүн көрсөтүп жаткан жомокчунун, айрыкча жаңы, же жаш жомокчулардын аткарып жаткан чыгармасы сынга алынып, угуучулар өзүнө жаккан жагы менен катар мүчүлүш жерлерин эскерткен учур кеңири жолугат. Көп учурларда мындай сынчылар өзү мурда уккан билгендерине таянып: ушундай айтуу туура, же тигил манасчы мындай айтчу эле, ошонуку туура деген планда кеңешин да айтат. Кандай гана айтуучу болбосун бул сыяктуу жалпы элдик сын менен эсептешпей койбойт жана манасчы аткарган жомоктун калыптанышында мындай сындын, кеңештин мааниси өтө чоң. Өз доорунун эң мыкты устаттарынын иштеп чыккандары жана алардан мурдагы белгилүү табылгалар менен байыган, зор таланттын өтө көп күч жумшап, чексиз берилгендик менен узак жылдар бою иштеп чыккандарынын натыйжасы болгон жана кырк жыл чамасында элдик талкуудан өтүп, көптөгөн угуучулардын каалоолору эске алына келип түзүлгөн Сагымбайдын варианты өзгөчө көркөмдүк деңгээлге көтөрүлгөн чыгарма болушу табигый иш.
------------------
1* Кыргыз ССР илимдер Академиясынын тил жана адабият институтунун кол жазмалар фондусу, ипс. № 1289, 68—69-беттер.

