САГЫМБАЙ МАНАСЧЫ ЖАНА АНЫН ВАРИАНТЫ ЖӨНҮНДӨ
Жадаса Сагымбай кат билгенби, жокпу деген суроого колдо бар маалыматтар түрдүүчө жооп беришет. Мисалы, К. Рахматуллин жомокчунун араң окуй алганын, бирок, өзү жаза албагандыгын эскертсе, Ыбырайым Абдырахманов түрдүү китептерди көп окуучу дейт. Бул сыяктуу карама-каршы маалыматтардын бирине ишенүүгө, экинчисине ишенбей коюуга негиз жок. Чындык бир эле эмес, бир нечелеген маалыматтарды талдоодон, дагы кеңири материалдар топтоодон, терең изилдөө жүргүзүүдөн гана келип чыгары шексиз. Белгилүү жомокчу жөнүндө так билгендерин айтып берген ар бир адам анын чыгармачылыгына, андан жазылган вариантка байланыштуу болгон чоң-чоң проблемалардын чечилиши үчүн зор көмөк көрсөткөн болор эле.
Бул багыттагы толуп жаткан суроолорго жооп табуудагы эң негизги таяныч боло турган Сагымбайдан жазылып алынган кол жазмалар да толук эмес. Айрым кол жазмалардын түп нускасы жоголуп кетип, көчүрмөлөрү гана калган. Ал көчүрмөлөрдүн түп нускага канчалык даражада так келери белгисиз. Биз билген маалыматтар боюнча эл арасында ушул күндөргө чейин Сагымбайдан жазылган варианттын кол жазма түрүндөгү көчүрмөлөрү кеңири тарап жүрөт. Балким ошол кол жазмалардын ичинде жеке эле көчүрмөлөр гана эмес, түп нуска болушу да мүмкүн. Анткени, айрым маалыматтарга караганда ошол жомокту жазып жатканда эле түп нуска жоголуп кетип, кайра жазган учурлар болгон экен. Илим изилдөө иштери үчүн түп нуска эле эмес, ошэл эл арасында сакталып жүргөн көчүрмөлөрдүн да мааниси бар. Аларды салыштыруу аркылуу айрым учурларды тактоого болор эле, ал эми өчүрүлүп калып, азыр тактоого мүмкүн болбой жаткан айрым сөздөрдү, же саптарды аныктоодо көчүрмө сөзсүз чоң мааниге ээ болору шексиз. Мына ушуларды эске ала Сагымбайдын вариантын сактап жүргөн адамдар иштин жалпы кызыкчылыгы үчүн колдорундагы кол жазма жөнүндө Кыргыз ССР илимдер Академиясынын тил жана адабият Институтунун «Манас» секторуна билдирсе жакшы болор эле.
Жогорудагы жалпы жондотуп айтылган бирин-эки ойлордо Сагымбай Орозбак уулу жана андан жазылган вариант жөнүндэгү айрым алгачкы, жөнөкөй маалыматтар берилди. Өзүнүн эң сонун көркөмдүк касиети менен өзгөчөлөнүп турган бул вариант жана ошол вариантты аткарган адам жөнүндө кеңири пикир терең изилдөөнүн натыйжасында жаралган көлөмдүү илимий эмгекте гана толук айтылышы мүмкүн экендиги шексиз.
Окуучуларга сунуш кылынган жомоктун бул үзүндүсү — Сагымбай Орозбак уулу айтып жаздырган варианттын башталышы. Китепке жомоктун Манас баатырдын тегинен кабар берген кара сөз түрүндөгү кыскача маалыматтан тартып жаш баатырды хан шайлоого чейинки окуялар киргизилди. Буга карап бул китепти шарттуу түрдө Сагымбайдын вариантынын биринчи китеби дешке болор эле. Шарттуу дегенибиз адатта жомок томдорго бөлүнүп айтылган эмес, окуялардын ирети менен гана аткарыла берген. Эл жомокчудан бул же тигил эпизодду аткарып берүүнү өтүнгөндө ошол чоң окуянын атын аташкан. Мисалы, «Көкөтөйдүн ашын» Алмамбет менен Чубактын жол талашканын ж. б. Албетте жомокту бастырып чыгууда да ошол көндүм ыкты пайдаланып, ар бир окуяны өзүнчө бастырса туура болор эле. Бирок, окуялардын көлөмү бир кылка эмес, айрым окуялар эң узак (мисалы: «Чоң чабуул»), айрымдары ага салыштырганда көлөм жактан өтө эле кыска.
Демек, эпизод боюнча жарыяланганда бир китеп абдан чоң, экинчисинин көлөмү кичине болуп калар эле. Ошон үчүн окуяларды жомокчунун өзү кандай айтса ошол калыбында ирээти менен жайгаштырып, бирок, мүмкүн болгон учурда бир окуяны бүт өзүнчө берүү, жок андай мүмкүнчүлүк болбой калганда ушул биринчи китептеги сыяктуу бир нечелеген майда окуяларды бириктирип жарыялоо туура го деп эсептедик.
Бул китепке киргизилген окуялар жомокчудан 1922-жылы К. Мифтаков, Ы. Абдырахмановдор тарабынан жазылып алынган. Тагыраак айтканда кол жазманын 1—3-беттери К. Мифтаков, калгандары Ы. Абдырахманов тарабынан жазылган.
Китеп басмага кеңири калайык окууга ылайыкталып даярдалгандыктан андай бастырып чыгаруунун алдына коюлуучу талаптарга жооп бергендей болуп иштелди, бирок текст жомокчунун өзү кандай айтып жаздырса так ошол калыбында кийлигишүүсүз, б.а. текстеги сөздөрдү, ыр саптарын оңдоого, орун алмаштырууга, бир сөздүн ордуна башка сөз пайдаланууга жол коюлбай, эч өзгөрүүсүз, так берүү далалаты көрүлдү. Ырас, окуялардын аягында кезиге турган мусулман динине байланыштуу ой жоруулар, Сагымбайдын арыздары зарылчылыгы жок болгондуктан алынып салынды жана текст араларынан редакторлук максат менен кээде айрым ыр саптарын кыскартууга жол берилди. Ошондой эле Манастын түндүккө жүрүшү, Мекеге барышы сыяктуу окуялар да мындан кийин басылып чыгуучу бөлүктөрдөн орун албашы шексиз.
Бул вариантты бастырууда андагы айрым терс көрүнүштөрдү кыскартуу Сагымбайды оңдоо, жаман нерсени жакшы кылып көрсөтүү эмес, тек, элге элдик жомоктун өз текстин тартуулоо максаты.
«Манас» секторунун алдына койгон негизги максаттарынын бири колдо болгон варианттардын бардыгын дээрлик ирээти менен өз-өзүнчө бастырып, элге тартуулоо, басылып жаткан чексиз байлыкты кеңири калкка жеткирип тааныштыруу. Мына ошондо гана коомчулук активдүү катышып, жомокту изилдөө иши да алдыга алда канча тез жылат деген үмүттөбүз.
Сагымбай жомокчу жөнүндө болсун, башка ар бир кичине жана чоң манасчылар жөнүндө болсун өз билгендерин ортого салып, бизди кабардар кылган улуу, кичүү ар бир адам чоң алкышка татыктуу болоор эле.
Элибиздин уулу мурасы «Манас» боюнча пикирин айткан, аны изилдеп үйрөнүүгө көмөкчү болуп ат салышууну каалаган адамдарга алдын ала ыракматыбызды айтабыз.
Пикир алышууну каалагандар үчүн биздин адресибиз: Фрунзе шаары, Кыргыз Илимдер Академиясы, тил жана адабият Институтунун «Манас» сектору.
С. Мусаев

