Мындай өтө чебер, кооз ыр саптары Сагымбайдын вариантында бирлеп-экилеп эле саналбайт. Анын зор талантынын да жана ал эл иштеп чыккандарды терең өздөштүргөндүгүнүн да далили катарында бул вариант ушул түрдөгү эң кооз ыр саптарына өтө бай экендигин айтуу жеткиликтүү болор. Бир нече мисалдар келтирүүнү жөндүү деп эсептейбиз.

Манас баатырдын согуштук аты Аккуланын сыны мындай сүрөттөлөт:
«Өңү кула, кара жал,
Өзгөчө сонун бу бир мал!
Чаткаягы Чаткалдай,
Жүрүп кетсе чатына
Жүктүү төө баткандай,
Желип кетсе жүрүшү
Жебенин огун аткандай,
Куюшкандын кошконго
Он бир карыш казанды
Ойноп-күлүп аскандай.
Болжолу жок чоңдугу,
Бооруна карандын
Момолой ийин казгандай.
Таноосуна-мурдуна
Кирер болсо жөргөлөп
Азыркы жүргөн адамдар
Кийми менен баткандай.
Камыш кулак, сом туяк,
Балтыры өгүз белиндей,
Басканы сырттын желиндей».
Манастын кылычынын сыны:
«Түн ичинде суурса
Өрт өңдөнүп кызарган,
Уруштуу күндө узарган.
Заарын тарткан мунардан,
Учун кайкы чыгарган,
Тоого чапса таш кескен,
Белге чапса баш кескен,
Шиберге койсо өрт кеткен,
Шилтегени мүрт кеткен».


Сагымбай Орозбак уулунан жазылып алынган вариант жеке эле айрым кооз ыр саптары көп жолуккандыгы менен гана айырмаланбайт, жалпы эле бул вариантты бардык жагынан жогорку көркөмдүккө ээ варианттардын биринен дешке толук негиз бар.

Сагымбайдан жазылган варианттын көркөмдүк күчүн эң алды менен эл турмушун кенен алып, түрдүү жактан терең сүрөттөп бере алгандыгынан көрөбүз. Бул вариантта элдик жай турмуштан — мал багуу, козу кайтаруудан тартып, бүт эл үчүн зор мааниге ээ болгон— бир жерден башка жерге ооп көчүү, элдин башында тура турган баатырды — ханды шайлоо, душмандардан сактануу үчүн даярдык көрүү, кайсыл эл менен кандай мамиледе болуу, согушка аттануу жана башка толгон чоң-чоң маселелерди чечүүгө чейинки көрүнүштөрдүн сүрөтүн көрүүгө болот. Ошол баяндалып жаткан ар бир кичине жана чоң окуялар жалпы салтка ылайык чыныгы эпикалык масштабда каралып жана чечилет. Бирок, ал эпикалык стилге таандык болгон жалпылык, салтанаттуулук конкреттүүлүк менен, ар бир көрүнүштү майда деталдарга чейин так, реалдуу, ар бир каармандын жеке өзгөчөлүктөрүн ачып бере билүү чеберчилиги менен тыгыз айкашкан.

Негизги каармандар гана турмак жардамчы катарындагы экинчи планда турган каармандар да өзүнө таандык өзгөчөлүктөргө — индивидуалдуулукка ээ. Бул өзгөчөлүк жеке эле сырткы көрүнүштүн ар түрдүүлүгү аркылуу жетишилбестен, негизинен ички дүйнөнүн, мүнөздүн өзүнчөлүгү менен иш жүзүнө ашырылат. Айрым сапаттар көпчүлүккө таандык болсо, башка бир сапат жалаң бул же тигил жеке каарманга гана мүнөздүү. Мисалы, чексиз кара күч эпостогу башкы каармандардын басымдуу көпчүлүгүнө таандык, же ошондой эле баатырдык сапат оң каармандар эле эмес, терс каармандарга да мүнөздүү көрүнүш. Жолойду күчсүз деп, же Коңурбайды коркок деп эч ким айта албайт. Бирок, ар бир оң жана терс каармандар ушул сыяктуу жалпы сапаттарга ээ болуу менен бирге эле ал образдарда атайын ошол каармандын өзүнө таандык өзгөчө мүнөздү белгилеп турган касиеттер да бар.

Манас чексиз баатыр, укмуштуу балбан, бирок, анын негизги мүнөзүн ачып турган сапаттар булар эле эмес. Манас ошондой эле жанда жок кең пейил, калыс. «Айкөл» деген эпитеттин жалаң гана ага таандыкташтырылып айтылышы бекеринен эмес. Адам катары Манас терс сапаттардан да таза эмес. Анын ала көөдөктүгү, энөөлүгү жеке өз керт башына гана турмак, бүтүн элге зыянын тийгизген учурлар да болот. Ушундай эле абалды ар бир каарманга үстүртөн болсо да көз жүгүртүп талдоо жүргүзсөк оңой эле байкоого мүмкүн.

Алсак, Алмамбет башкалардан трагедиялык тагдыры, терең билими, амал-айласы менен айырмаланса, Каныкей сарамжалдуу уздугу, акылмандыгы менен, Бакай элдик жакшы салттардын сактоочусу жана жөн билгилиги менен, Коңурбай арамзаада, кыйдылыгы менен айырмаланат ж. б. Мындай конкреттүүлүктү адам образдарын талдаганда эле эмес, ар бир окуяны, көрүнүштү сүрөттөөлөрдөн да ачык көрүүгө болот. Мисалы, жомокто бул же тигил буюм, курал-жарак жөнүндө сөз болгондо ошонун көрүнүш белгилери гана эмес, жасалуу процессине чейин элестүү сүрөттөлүп берилет.

Четинен эле алып бир-эки мисал келтирүү жеткиликтүү болор:
«Камыш кыйып каптаган,
Тарамышка чаптаган,
Темирин сегиз кырдаган,
Он эки түрлөп сырдаган,
Бөрү тил мизин чыгарган,
Учун ууга сугарган,
Шамалга тийсе ырдаган,
Тийген жери ырбаган,
Колдон тайма болот деп
Коло менен сырдаган,
Сайганында ийилген,
Сууруп алса чоюлган,
Кармайм деген душмандын
Беш манчасы кыйылган».