САГЫМБАЙ МАНАСЧЫ ЖАНА АНЫН ВАРИАНТЫ ЖӨНҮНДӨ
Анткени бул көрүнүштөр кээде өтмө катар, татаал, кыйыр мааниде, кээде түздөн-түз мааниде жомоктун аткарылышына да, жомокчунун чыгармачылыгына да таасир тийгизгендиги шексиз.
Жомокту жаздыруу учурунда манасчы өтө көп кыйынчылыктарды көргөн. «Манасты» жазуу ишин уюштурган Түркстан илим Комиссиясы иштин жүрүшүнө дайым көзөмөл болуп, шарт түзө алган эмес. Мунун натыйжасында алгачкы кызуу киришилген иш (биринчи эле жаза баштаган жылы жайында Манастын туулушунан баштап Кыргыздардын Ала-Тоого кайра келишине чейинки окуялар бүт жазылган) бара-бара солгун тартып кетет. Айрыкча эпостун аяккы эпизоддорун жазуу кыйынга турат. Буга жомокчунун иштин орто чендеринен эле катуу ооруга чалдыгышы да себепчи болот. Эл арасында эпосту эркин айтып, өзүн коштоп, шыгына шык кошуп сүрөп турган угуучулардан бөлүнүп, «жасалма» шартка дуушар болуусу (шыр кетпей жай айтып жаздыруу) жомокчунун шыгына өз таасирин тийгизгендиги шексиз.
«Сагымбай эң ак көңүл адам болуп, аз гана муңдуу сөздөрдү эшитсе ыйлай берүүчү эле»,— деп эскерет жомокчуну эң жакын билген адамдардын бири Ыбырайым Абдырахманов. Буга караганда Сагымбай назик көңүл, чыныгы поэтикалык сезимге ээ адам болгон өңдөнөт.
Андай адамга материалдык кыйынчылыктардан да моралдык жактан басынуу өтө катуу таасир келтирери шексиз. Оорунун залдарынан Сагымбайдын вариантынын аяк жагы өзүнүн көркөмдүк деңгээли жактан башка эпизоддорунан кескин түрдө айырмаланат. Кыргыздардын кытайларды жеңгенинен кийинки окуялар көп учурда бүдөмүк, баяндалып жаткан окуялар үзүлүп, же баштаган иштин натыйжасы белгисиз болуп калган учурлар кезигет, бул же тигил көрүнүштү баяндоодо жомокчу мурдагы белгилүү болгон ыктарды, ыр саптарын эч өзгөртүүсүз ошол калыбында кайталап калгандыктан эпостун эң аяккы корутунду бөлүгү окууга оор, көркөмдүгү начар. Бул бөлүмдү окуган ар бир адам жомокчуга мүнөздүү болгон түгөнгүс, эң бай фантазия соолуп, зор талант кайтып, жалаң гана окуяларды чүргөп, бири-бирине жамап айтуу ыгы калгандыгын, ошол ык да өзүнө таандык болгон мурдагы чеберчилигин жоготуп, айтуучунун зордук менен өзүн күчтөп жатып эптеп мурда белгилүү окуяларды сомолоп баяндоого гана жарап калгандыгын даана көрүүгө болот.
Бул бөлүмдө окуялар иретсиз, баш аламан, мурдагы эпизоддорго мүнөздүү болгон Сагымбайга таандык эң так логиканын изи да жок, ал гана турмак окуялардын орой карама-каршылыгы да орун алган.
Ушул түрдөгү оор шартка жана анын айрым зээн кейирлик жыйынтыктарына карабастан Сагымбай Орозбак уулунун оозунан 1922—1926-жылдар аралыгында «Манас» эпосунун эң сонун варианттарынын бири жазылып калынган. Бул иште демилгечи болгон Каюм Мифтаков сыяктуу энтузиастардын, жомокчу менен бир катар бардык оорчулуктарга чыдап, ишти аягына жеткирген Ыбырайым Абдырахманов сыяктуу адамдардын эмгегине баа жетпейт.
Сагымбай Орозбак уулунун варианты ырынын кооздугу, түзгөн элестеринин тереңдиги жана байлыгы, эл турмушун кенен алып, таамай сүрөттөй алгандыгы менен өзгөчөлөнгөн, бизге белгилүү варианттардын эң мыктыларынын биринен. Ырас, бул варианттагы жетишилген ийгиликти жалгыз Сагымбайдын жеке керт башынын табылгасы дешке болбойт. Жалпы эле кандай гана вариант болбосун аны мурдагы эл арасында жашап келген варианттар менен тыгыз байланыштуу карабай туруп баа берүү, ал гана турмак вариант катары мамиле кылуу да мүмкүн эмес. Эгер ар бир вариантты башка варианттардан, айрыкча өзүнөн мурдагылардын бай тажрыйбасынан бөлүп, жеке алып карай турган болсок «Манастын» ийгилиги, таасири ошол жеке вариант менен гана чектелип, эпостун өмүрү бир варианттын өмүрүнө көз каранды, ошону менен шартташкан көрүнүш болуп калар эле. Ошон үчүн ар бир варианттын кемчилигин өзүнө мүнөздүү жеке көрүнүш катары бааласак да, ийгилиги жөнүндө сөз болгондо мурдатадан бери бүтүн эл тарабынан иштелгендерди, жалпыга орток ийгиликтерди эстен чыгарууга болбойт.

