САГЫМБАЙ МАНАСЧЫ ЖАНА АНЫН ВАРИАНТЫ ЖӨНҮНДӨ
Сагымбай 1867-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Кабырга деген жерде туулган. Сагымбай 12—13 жашында атасы Орозбак өлүп, жетим калат. «Манас» айтууга 15 —16 жашынан тартып киришет. 1916жылкы үркүндө эл менен кошо кытай жерине барып, ал жактан1917-жылы кайткан. 1922-жылдын жай айынан тартып «Манасты» жаздырууга киришип, биринчи бөлүгүн 1926-жылдын августунда жаздырып бүтүргөн. 1930-жылы Кочкордо дүйнөдөн кайткан.
Кыргыз илимдер Академиясынын тил жана адабият Институтунун кол жазмалар фондусундагы маалыматтарда Сагымбай бала кезинен эле ырга шыктуу болгондугу, «Манас» айтууга чейин лирикалык жана тамашалуу ырлар чыгаргандыгы менен оозго алынгандыгы эскертилет. Жалпы эле чоң жомокчу катары элге кеңири белгилүү болгондо да түрдүү чыгармалар жаратууну токтоткон эмес, лирикалык мүнөздөгү ырлар менен катар өлгөн адамдарга ылайык кошоктор түзүүгө көп катышкан, айрыкча аштойлордо жар чакыруу милдетин Сагымбай катышкан топто көбүнчө ага ыйгарышчу экен.
Сагымбай «Манасты» эң алгач өз алдынча тың манасчы эсептелген агасы Алышерден угуп үлгү алган деп болжолдошко болот, бирок белгилүү изилдөөчү К. Рахматуллин: «Шапак манасчынын айтуусуна караганда, кадимки Тыныбек манасчынын мугалими Чоңбашты (Нармантайды) биринчи жолу уккан, Сагымбай абдан кызыгып, «Манасты» үйрөнүү үчүн Чоңбашты ээрчип кетмек да болгон»*1,— деп жазат. Чынында Сагымбайдын «Манасты» биринчи жолу кимден угуусу, кимден эң алгач таалим алуусу анын чыгармачылык жолунда чоң мааниге ээ көрүнүш. Бирок, ушул жерде бир нерсени эстен чыгарбоо зарыл: манасчылардын чыгармачылыгындагы жалпы мурдатан кабыл алынып келе жаткан салт боюнча болочок манасчы алгач укканын бүт өмүрү бою ошол калыбында сактоого милдеттүү болгон эмес, тескерисинче, өзүнөн улуу, же таланты жактан жогору турган жомокчулардан уккандарынын көңүлүнө жагып, туура деп түшүнгөндөрүн өз репертуарына кабыл алып кеңири пайдаланган. Ушуга ылайык ал өз вариантын түзүүдө өзү уккан ар бир башка манасчынын вариантындагы артык үлгүлөрдү чыгармачылык менен сиңирип, өздөштүргөн. Адатта бул элестүү саптар тигил манасчыныкы, бул эпизод мунуку деш болгон эмес, ар бир талант тарабынан жаратылган табылга эл арасына таралуу күнүнөн тартып ар бир башка, же жаш айтуучу үчүн да эгер ал кааласа анын өз табылгасы болуп кала берген. Угуучулар бул жерин, же бул сапты сен тигинден үйрөнүп алыпсың деп айтуучуга кине койгон эмес, тескерисинче, мурда элге кеңири тараган, же эл жакшы кабыл алган үлгүнү чен катары алып, жаш манасчыга, же талант жактан анча эмес айтуучуга бул жерин тигил чоң жомокчу мындай айтат, сеники мобул жактан ага жетпейт экен деген сын берип, талап койгон.
Кыскасы, «Манас» өзү кандай жалпы элге орток чыгарма болсо ар бир жомокчу тапкан артык табылга да так эле ошондой жалпыга орток көрүнүш, так мына ушул салтка ылайык ар бир айтуучу башкалар иштеп чыккандардын бардык мыкты үлгүлөрүн өз менчиги катары кеңири пайдалануу гана турмак, эч качан мобул жерди тигинден үйрөндүм деген сөздү айтуучу да эмес. Андай талап коюу эч кимдин оюна да келбей турган адаттагы көндүм иш эле.
Сагынбай да өз вариантын түзүүдө ушул ыкты кеңири пайдалангандыгында шек жок. Ага таандык варианттын жогорку көркөмдүк касиети мунун эң ачык күбөсү.
-------------------
1* К. Рахматуллин. «Манасчылар», Кыргыз ССР илимдер Академиясынын тил жана адабият институтунун кол жазмалар фондусу, инв. № 1289, 68-бет.

