САГЫМБАЙ МАНАСЧЫ ЖАНА АНЫН ВАРИАНТЫ ЖӨНҮНДӨ
Бул факты өзгөчө касиеттин, же чектен тыш күчтүн кийлигишүүсү эмес, көп эмгектин, узак тажрыйбанын залкар талант менен айкалышуусунун натыйжасы.
Сагымбай Орозбак уулунун айткан вариантына таандык көркөмдүк касиетке анын чыгармасын уккан, же окуган ар бир адам, ошондой эле «Манас» эпосун изилдөөгө катышкан ар бир окумуштуу жогору баа беришет. Мисалы: көрүнүктүү окумуштуу жана казак элинин улуу жазуучусу Муктар Ауэзов «Манас» жөнүндөгү кеңири белгилүү эмгегин ушул Сагымбай Орозбак уулунун вариантынын негизинде жазган. Демек, окумуштуу тарабынан «Манас» жомогунун бай материалы, жогорку көркөмдүгү жөнүндөгү ойлору эң алды менен так ушул вариантка таандык.
Кыргыз поэзиясынын мастерлеринин бири, көрүнүктүү акын Алыкул Осмонов жомокчуну «Улуу акын» деп жогору баалоо менен, айрыкча, «Сагымбайдын бир сөзү бир аттык»*1 —деп анын вариантынын көркөмдүк касиетине өзгөчө ыраазы болот.
Сагымбай Орозбак уулу айткан «Манасты» кагаз бетине түшүрүү иши жогоруда эскертилгендей 1922-жылы башталат. Бул иште демилгечи болгон жана жалпы эле кыргыз фольклорун жыйноодо эбегейсиз зор эмгек сиңирген Каюм Мифтаковдун маалыматы боюнча Сагымбай 1921-жылдын акырында азыркы Тоң районундагы Бөкөмбаев селосу жайгашкан жерге келет. Ошол жерде мугалим болуп иштеп жүргөн Мифтаков ал айткан «Манасты» угат да көңүлүнө өтө жаккандыктан кагаз бетине түшүрүүнү өтүнөт. Бирок, Сагымбай минип келген ат бирөөнүкү болгондуктан узак убакыт токтолууга макул болбойт, экөө жайында жолугушууга убадалашышат.
1922- жылдын жайында Мифтаков атайын издеп барып Сагымбайды Солтон-Сары жайлоосунан табат да, Нарынга ээрчитип барып жомокту жазуу ишин баштайт.
«Манасты» жазуу иши 4 жылдан ашуун убакытка созулат (1922-жылдын июнь-июль айларынан башталып 1926-жылдын августунда бүтөт). Сагымбайдан «Манасты» жазуу ишин Каюм Мифтаков баштаган, бирок, ал адам аз гана баштап токтотуп, негизинен бул вариантты кагаз бетине түшүргөн адам Ыбырайым Абдырахманов болгон. Бул эки адамдан башка да Сапарбай Сооронбаев аттуу адам аралашат, анын милдети — манасчыдан жазылган материалдарды көчүрүп, экинчи нускасын даярдоо эле.
Булардын ичинен Каюм Мифтаков мурдатадан эле оозеки чыгармаларды жыйноого терең кызыгып жүргөн жана бул багытта бир топ эмгектенген адам болсо да «Манасты» кагаз бетине түшүрүүдө зарыл керек болгон илимий талаптар бар экендигин ал үчөөнүн кимдир бирөө билгендиги жана ошол өзүлөрү аткарып жаткан иште андай талаптарды так аткаргандыгы байкалбайт. Тескерисинче жаздыруу ишинин жетекчиси эсептелген К. Мифтаковдун өзү жазган тексттерде сөздөрдүн тактыгын сактоо жок, ал гана турмак кыргыз сөздөрү татарчаланып же кыргыз сөздөрүнө татар, башкыр сөздөрү аралаштырылып жазылган.
Сагымбайдын вариантынын негизги катчысы болгон Ыбырайым Абдырахмановдун «Манасты» канчалык даражада илимий талапка жооп берерлик тактыкта жазганын кесе айтуу кыйын. Тактыктын зарыл экендигин ошол кезде ал адам билгендиги да күмөн. Биздин оюбузча эч ким ал адамдан мындай тактыкты талап кылбаган да болсо керек. Бирок, кыргыз интеллигенттеринин арасында «Молдоке» деген ат менен кеңири белгилүү болгон бул адамдын өзгөчө тыкандыгын эске алганда текст негизинен манасчынын оозунан кандай чыкса ошол калыбында кагаз бетине түшүрүлгөндүгүнө ишенүүгө болот.
Бүгүн биздин колдо турган варианттын мүнөзү, деңгээли, жомокчунун чыгармачылык бетинин ачылышындагы айрым маселелер, учурлар үчүн эпостун жазылыш тарыхынын, жазуу процессиндеги түрдүү шарттардын, бул ишке кимдер катышып, жомокчунун чөйрөсүнүн ким болгондугунун чоң мааниси бар.
-------------------
1* Алыкул Осмонов. Чыгармалар жыйнагы, II том, Фрунзе, 1965, 387-бет.

