САГЫМБАЙ МАНАСЧЫ ЖАНА АНЫН ВАРИАНТЫ ЖӨНҮНДӨ
***
Сагымбай Орозбак уулунан жазылган вариантта жогоруда кыскача мүнөздө эскертилгендер сыяктуу эң сонун ийгиликтери болуу менен бирге эле атайын көңүл бурууну талап кылган орчундуу кемчиликтер да бар. Алардын катарына «Манас» жомогунун традициялык сюжетине жатпаган айрым эпизоддорду, ислам дининин таасирин жана айрым пантюркисттик маанидеги ой жорууларды көргөзүүгө болот.
Сагымбай элди көп аралап, көптү көргөн жана көптү уккан, бир эле жолу уккандарын жадысында так сактаган, кыргыздардын тарыхына, өткөн турмушуна дайыма кызыккан адам болуптур. Жомокчуну жакшы билген адамдар ал адамдын айрыкча санжыраны мыкты билгендигин эскеришет. Укумдан тукумга сакталып айтылып келе жаткан жомоктун материалдарына чындык фактылар катары ак пейил менен толук ишенген жана эл арасындагы улама-санжыра катары белгилүү болгондорду да турмушта болгон болумуш деп кабыл алган манасчы жомокко тарых катары мамиле кыла билгени менен уккандарын эч ылгоосуз өз вариантында пайдалана берген.
Муну менен ал сүйгөн чыгармасын толуктап, кеңейтип тактап жатам деген ишенимде болгондугу шексиз. Жомокту «толуктоо» өз негизинде терс көрүнүш эмес, тескерисинче бардык эле эл акындары жана жалпы элдик чыгармалардын жаратуучулары үчүн мүнөздүү, мурдатадан кабыл алынган салт. Ушул салтка таянып ар бир жомокчу эпостун сюжетин өз күчүнө жараша байыткан, мурдатадан бери келе жаткан сюжеттик линияны сактоо менен аны жаңы деталдар аркылуу толуктаган, эски чыгарманы өз доорунун, учурунун чыгармасына айландырган.
Эпостук чыгармалардын түрдүү тарыхый формацияларды басып өтүп, түрдүү коомдун адамдарын тейлеген, эстетикалык рахат берген, идеологиялык курал катары кызмат кылган касиети, эпостун жандуулугу так мына ушул өзгөчө абал менен байланышкан. Жандуу чыгарма болгон эпосту мындай зарыл болгон толуктоолорсуз, жашартып, жаңы маани, күч-кубат берип турган ысык кансыз көз алдыга келтирүүгө да мүмкүн эмес. «Манас» жомогундагы элибиздин тээ байыркы доорлорго таандык болгон абалы, көз караш түшүнүктөрү менен катар кечээ жакынкы учурларга тиешелүү болгон маалыматтардын аралаша келип турушу мына ушул абал менен шартташкан. Бирок, мындай «толуктоолор» өз чегинен ашпас керек жана эң негизгиси эпостун мурдатан келе жаткан идеялык багытына карама-каршы келбөө зарыл, тескерисинче эпостун негизги идеясынын тереңдеши, так ачылышы үчүн жардам берип, шарт түзүп туруусу милдет. Ошондо ал толуктоону эл толуктоо дебейт, эпос «өзгөрүүгө» учураганы сезилбей, бүт эл тарабынан бир бүтүн чыгарма катары кабыл алынат.
Сагымбай манасчынын вариантында айрым деталдык толуктоолордон башка, бүтүн эпизод кошулуп айтылуу да орун алган. Ал жомокко киргизген Манастын түндүккө жортуулу, Мекеге барып ажы болуп келүүсү сыяктуу эпизоддор «Манастын» сюжетиндеги мурдатан бери келе жаткан кеңири белгилүү традициялык окуяларда жок жана идеялык багыты жактан жомоктогу негизги максатка карама-каршы турат.
Сагымбайдын жомокко өзүнөн мурдагылар айтпаган жаңы окуялар кошуп-айтуусуна ал өзү тирүү кезинде эле эл каршы болуп, айрым кары адамдар ага сен «Манасты» бузбай, кошумчалабай, таза айткының деп эскерткен учурлары да болгондугун Ыбырайым Абдырахманов атайын белгилейт.

