Ушул фактынын өзү эле элдин өкүлдөрү өзү сүйгөн чыгарманын тазалыгы үчүн дайым күрөшүп келгендигинин жана талантына эл арасындагы кадыр-баркына карабастан ар бир жомокчудан жомокту булгабоону талап кылгандыгынын ачык далили.

Биз билген маалыматтарга караганда Сагымбай мусулман динине ишенген жана анын өзү билген эрежелерин так аткарган адам болгон экен. Бул абал анын жомокко дин ишенимин башкаларга караганда көбүрөөк киргизүүгө аракеттенишине алып келген.

Кеп жомокто жалпы эле «кудай» деген сөздүн орун алгандыгында эмес, кудайга сыйынуу ритуалдарынын, айрым диндик ишенимдердин жомоктон орун алышына эч ким каршы болбойт, тескерисинче мындай түшүнүктөрсүз жомок жомок болуудан калар эле да, анын эл турмушун туура чагылдыруу касиетине шек келер эле. Жомок эл турмушун туура чагылдыруу үчүн ошол эл эмнелерге ишенгенин, кандай үрп-адаттык эрежелерди пайдалангандыгын, ал гана турмак жокко ишенүү, чектелген түшүнүк сыяктуу чабал жактарын да бурбай баяндоосу зарыл. Ансыз элдик чыгарма элдик болуудан калат.

Ислам дининин тагы «Манастын» ар бир вариантында бар, ал гана турмак чынында ар бир варианттан бир эле эмес, бир нечелеген диндик түшүнүктөрдүн тагын байкоого болот. Мисалы, тотемдик түшүнүктөрдөн тартып, фетишизм, шамандык көз караштарга чейинки диндик ишенимдердин издери бардык дээрлик варианттардан жолугат. Адат катары жомокто бир дин менен экинчи диндин арасына чек коюлбайт, тээ байыркы диндик түшүнүктөр менен кечээ жакынкы ишенимдер аралаш айтыла берет. Айрыкча шаман дининин түшүнүктөрү менен ислам дини көп учурда бири-биринен айырмасы жок катары берилет. Мисалы, мазарды таюу, ай туякка ак боз бээ чалуу менен катар атабабанын арбагын негизги колдоочу күч катары түшүнүп табынуу да, ошол эле учурда кудайга кайрылуу адаттагы көрүнүш.

Башка варианттар сыяктуу эле Сагымбайга таандык вариантта да ушулардын баары бар. Бирок, Сагымбайга таандык вариантта ислам көбүрөөк орун алган, ал гана эмес капырларга кайрылып аларды мусулман болууга чакыруу сыяктуу исламды үгүттөө учурлары да кезигет. Дин, анын ичинде ислам дини Сагымбайга чейинки манасчылардын варианттарында да бир топ орун алгандыгына (мисалы, эпостун В. В. Радлов жазып алган үлгүсү) карабастан, исламды үгүттөөнү негизинен Сагымбайдын жеке «табылгасы» дешке болот.

Сагымбай Орозбак уулу эң көп адамдар катышкан чоң масштабдагы согуштарды баяндоону жакшы көрөт. Натыйжада анын вариантында чечүүчү мааниге ээ болгон салгылашуулар эле турмак, тийип-качты мүнөздөгү анча чоң эмес согуштарга деле бир нече жүз миңдеген адамдар катышып, «Найзанын учу жылтылдап, аскердин башы кылкылдап, жер союлуп былкылдап», «тууну тууга урдуруп, айгай кулак тундуруп» турат. Саымбай сүрөттөгөн согуштарга эң көп сандаган адамдар эле эмес, бүгүн бизге бир тобунун аты белгилүү болсо, көбүнүн аты белгисиз болгон элдер, алардын көптөгөн өкүлдөрү катышат.

Мисалы, кыргыздардын өз эркиндиги, көз каранды болбостугу үчүн жүргүзгөн күрөштүн ар бир этабында аларга казактар баш болгон түрк тилинде сүйлөгөн элдер жардам беришет, союздаштар катары бирге аракеттенишет. Мындай согуштардагы ураан да жалпы, максат да бир болуп берилиши табигый иш. Эки же бир нече элдердин бирине бири жардамдаш, талапташ болушу тарыхта кенен учураган, кубаттоону гана жолуктуруучу эң сонун көрүнүш. Биз айталы деген ой анда эмес.

Сагымбай ошол бири-бирине жакын турган, танапташ жашашкан элдердин тилектештигин баяндоодо кээде экинчи чекке өтө качып кетет да, жакшы тилекти чегинен ашырып жиберип бузуп алат. Анын вариантындагы түрк тибиндеги элдердин кытай, калмак баскынчыларына каршы жүргүзгөн күрөшү айрым учурларда кыргыздардын гегемониялыгы менен түрк элдеринин ынтымакташуусу маанисиндеги кээ бир ой жоруулар менен булганып кетет.