Уруксат болсо кетсек деп
Улуу-кичүү жыйылды,
Ушу Манас кандай деп
Урматына сыйынды.
Бет-бетине тарашып,
Бечаралар жарашып,
Жай-жайына карашып
Жыйылган черүү тарады,
Чынжыр жолго салады.
Алты миң аскер колуна
Айдап салды жолуна.
Үй, катының барбы деп,
Урматына баргын деп,
Бала-чакаң барбы деп,
Маанайына баргын деп,
Ага-иниңер барбы деп,
Акылына баргын деп,
Эмне көргөн билгениң
Элиңе айтып салгын деп
Жесирдин баарын айдады,
Алты миң аскер жөнөлдү,
Жер дүнүйө жайнады.
Алардын баарын таратып,
Аңгире жолго таянтып,
Тууган болду душманы,
Нескара менен кошулуп
Аскерге келген алты миң
Ичинде болуп бушманы:
Атанын жакшы эл бол деп,
Өткүр Манас жаш бала
Өлүмдү билбес эр бол деп,
Ошону жаман дегениң
Өлчөөң кара жер бол деп
Кубанып тарап кеткенин,
Дагы көргүн неткенин,
Арадан алты ай өткөнүн
Он төрткө Манас жеткенин.
Он төрт жашар жашында
Үйдөн чыгып келиптир
Үч-Аралга куш салып.
Үч-Аралдын аралы,
Үйрүн жазбай жөңкүгөн
Бугу менен маралы.
Мындан көргүн өнөрүн
Баягы Манас баланын.
Жолдошторун таратып,
Бет-бетине каратып,
Мергени кийик карашып,
Бет-бетине тарашып,
Эндөөлөп жолго салыптыр,
Эсилдин башы Боз-Дөбө
Эр Манас чыгып алыптыр.
Ит агыта куш салып,
Жети жигит кошчу алып,
Кеткени он бир күн болду.
Караанын көргөн бир жан жок,
Кабарын уккан тирүү жан жок
Жоголуп кетти баласы,
Жакыптын тынбай санаасы:
— Талаага бүгүн барайын,
Үч-Арал жолун карайын,
Балам кандай жоголду,
Бу балага не болду?
Он бир күн болуп жоголуп,
Куу балага не болду?
Туш-туштун баары кас эле.
Тууган бизде аз эле.
Алыскы жолго салганбы,
Шумурай, Ала-Көл кетип калганбы?
Тентектигин салганбы,
Деңизге кетип калганбы?
Караанын көргөн калк барбы
Элесин көргөн эл барбы?
Бекер мынча кечикти,
Мен көрбөгөн жер барбы?
Туучунак атын миниптир,
Төтөлөп жолго кириптир.
Каралдым кайда болду деп
Бай Жакып көзүн салыптыр,
Баладан караан көрө албай
Кайгыланып калыптыр.
Айылдан узап бай Жакып
Ат чабым жолго барыптыр.
Асты жагы жабырдан,
Ат кулактуу шабырдан,
Күлүктүн бели ийилген,
Көпкөк темир кийинген,
Белде кылыч байланган,
Колдо найза шайланган,
Очогор мылтык асынган,
Ойду-дөңдү бастырган
Он бири чыга калганы,
Жетип келип Жакыпка,
Ортосуна алганы:
Атасы Жакып чал деген,
Арбын анда мал деген,
Бай Жакыптын баласы
Билесиңби Манасты?
Биз кетпейбиз мындан тим.
Чалкайыңкы курсагың,
Чалым өзүң атың ким?