Баласын малга ким берет,
Сенин балаңдын күнүн ким көрөт?
Ботосун малга ким берет,
Сенин ботоңдун күнүн ким көрөт?
Айтасың сөздү айбандай,
Сенин а сөзүңө ким көнөт?
Чыландан чыккан жол барбы,
Чырмап келип бу жерде
Камап жаткан кол барбы?
Кумулдан чыккан жол барбы,
Курчап келип бу жерде
Кууратьш жаткан кол барбы?
Кандай айткан кебиңер,
Калжайып тайган эбиңер.
Алты миң беш жүз кол келди,
Аскер арбын мол келди,
Нескара деген эр келди,
Нече түрдүү эл келди.
Кыйратты Манас көзүңчө,
Жакып жаман экенсиң
Кыйнала берип өзүңчө.
Качырды Манас көзүңчө,
Кандай г.урган киши элең,
Кайгыра берип өзүңчө.
Бай жактырбай таштады,
Байбиче көзүн жаштады:
— Төрөгөнүм бир бала,
Төгөрөк журт асылат,
Дүмөгү качан басылат?
Араң көрдүм бир бала,
Ай аалам журт асылат,
Азабы качан басылат?
Аны айтып байбиче,
А деп токтоп калганы.
Аны коюп салыңыз,
Манастан кабар алыңыз.
Бая Үч-Аралга барыптыр,
Он бир конуп талаага,
Жолдошторун эске алып,
Жолго чыгып эр Манас
Төгөрөккө көз салып,
Жан-жакка көзүн салыптыр,
Талды-Суу деген өзөндөн
Жолдошун көрүп калыптыр,
Алты бөрү, он түлкү
Жолдоштору алыптыр,
Эки бугу, үч кулжа
Алар атып алыптыр,
Алты конуп калыптыр.
Жетинчи күндө аттанып,
Манасты издеп бастырып,
Байкуш бала неткен деп,
Шумурай кайда кеткен деп,
Адашып бизден алганбы,
Же айылга кайра барганбы?
Аны айтышып жолдошу,
Үйгө кантип тарайлы,
Ой жагы талаа көрүнөт,
Оо береки бийиктен
Эки жагын карайлы.
Аны айтышып бул алтоо
Атына камчы салыптыр.
Кырга чыгып караса
Аккан улуу суу экен,
Курбу-Кум деген бу экен,
Кулжалар жайнап тур экен.
Кайың, терек, тал экен,
Кайыптын кени бар экен.
Карап турду жаш Манас,
Карап турса таңыркап
Токойдон чыгып бөлүндү,
Жолдоштору көрүндү.
Мында жүргөн экен деп,
Аккула менен тепеңдеп
Жолго бала салганы,
Кадам баспай Аккула
Качып туруп алганы.
Неден үркөт доңуз деп,
Асты жагы аралга
Көзүн бала салганы:
Чагарактап куйругу,
Жагжайыңкы төшү бар,
Так чыныдай көзү бар,
Кыңшылаган үнү бар,
Кызыл сур келген жүнү бар,
Чоң казандай башы бар,
Уя баскан айгырдын
Куйругундай чачы бар,
Көкүрөк жүнү самсаалап,
Көчүк жагы тарбайып
Жыпжылаңач санталак,
Азуу тиши бир карыш,
Алкымы бар бир кучак,
Азууларын караса
Албарс болот, курч бычак,
Капталында калы бар,
Моюн менен шилиде
Кере кулач жалы бар.
Чоңдугу бар өгүздөй,
Аяк басса адамдай,
Капталында канат бар,
Куйругунда кылычы,
Куп тамаша бул ушу.