Айттырамын тобону
Өзүң кылган катааңа.
Он бириң бирдей жүрүңөр,
Орчун дөөлөт сүрүңөр.
Ара конуп, айылга
Алып Манас барганы,
Атам Жакып келсин деп
Айтып кабар салганы.
Хандан келген элчилер
Манасты кармап алды деп,
Балакетке салды деп
Бай Жакыпка угулду,
Чочугандан Жакыптын
Жүрөгү оозго тыгылды.
Айлынын баарын жыйнады,
Жакыпты кудай кыйнады,
Наалыш кылып ыйлады.
Байы менен Акбалта,
Жакып баштап карысы,
Бердике баштап баарысы
Белден ашып барышты:
Берен Манас бар болсо
Бере койбос намысты.
Дөгүрсүп булар барыптыр,
Төрөбүз буйрук кылган деп
Манасты кармап алыптыр.
Ал аңгыча үстүнө
Бай Жакып кирип барыптыр,
Атаң кайсы сенин деп
Алар сурап калыптыр,
Атам мобул киши деп
Манас айтып салыптыр.
Көрүп таанып Жакыпты:
— Жашырынып калдың деп,
Эмне үчүн биздерди
Алыс жолго салдың деп,
Каршы экенсиң ханга деп,
Тетири жолго салууңа
Биз калабыз таңга деп,
Катуу каар, азапты
Салалыкпы жанга деп,
Жети күн болду жоголдук
Жериңдин жайын биле албай,
Ар тоонун башын көрсөтүп,
Адаш жолго киргизип,
Арамзааңды билгизип,
Азыр сени коёлук
Башыңа тери кийгизип.
Ушуну айтып чамынып,
Төртөө турду камынып,
Бай Жакыпты байла деп
Басып келди жабылып.
Бай Жакып шондо кеп айтат,
Балдарым, токто деп айтат:
Күнөөм болсо, балдарым
Күндөңдү * мага камдагын,
Шоктугум болсо, балдарым
Зоолуңду * мага камдагын.
Дос кишиңди кас көрүп,
Биздин элди аз көрүп
Өкүмдүк кылып салбагын,
Убалга бөөдө калбагын.
Бай Жакып айтып салганы,
Жакыптын болбой сөзүнө,
Жан деп илбей көзүнө,
Кармап байлап салгын деп
Жабылышып калганы.
Жанындагы баласы —
Жаалы катуу Манасы:
— Сен он бир киши экенсиң,
Айтканыңа көнбөсө
Анда кантет экенсиң?
Жүйөө менен, сөз менен,
Канеткенде байлаттык
Көрүп туруп көз менен.
Катылба карган кишиге,
Хан кишиси болсоңор
Көрүнгөндү карма деп,
Байкашканды байла деп
Айранмын кылган ишиңе.
Аны айтып эр Манас
Арасына барганы,
Нак өзүн кошо байла деп
Айгайды алар салганы,
Аны көрүп Манастын
Ачуусу келип калганы.
Жаалы чыкты сөзүнөн,
Жалыны чыкты көзүнөн.
Бирөөн кармап оң колдон,
Бирөөн алды сол колдон.
Бирөөн алды далыдан,
Бирөөн алды жакадан.
Төртөөн кармап турганы,
Көйнөктөй желпип төртөөнү
Көтөрүп жерге урганы.
Жана жетөө камынып,
Жекелөөгө жабылып
Манаска колун салганы.
Он төрт жарым жаш бала
Эки колго экөөнү
Кошоктой кармап турганы.