Айланасы кол болгон,
Арылбаган шор болгон,
Айдап мында келгени
Эр Нескара зор болгон.
Башында Басаңкулу дагы өлгөн,
Баатыр менен балбаны,
Менменсинип барганы,
Улугунун баары өлгөн,
Эси чыгып Манастан
Нескара качып жөнөлгөн.
Калгандын баары калтырап,
Кара көзү жалтырап,
Жан соогаттап буркурап,
Жалпы баары чуркурап,
Төрт жүз отуз сарт экен,
Калганы кытай, калмагы,
Катылбайбыз эми деп,
Колун алып төбөгө,
Койдой чуулап барганы.
Жесирдин баарын бошотуп,
Үйшүн, Үмөт, Жайсаңды,
Урматтуу кебин айтканы.
Үйүндө мүлкүн таанышып,
Үйүп-жыйып көтөрүп,
Алган экен иттер деп,
Аста басып барышып,
Аласыңбы муну деп
Айдаркан, Жакып, Дөгөнгө
Астына коюп салышып.
Бала Манас кеп айтат,
Маңгулдар сага не болду,
Акылың кайда жоголду?
Айырып алган дүнүйө,
Айырып алдык жоодон деп
Аксакалдар муну алса,
Анан кайдан оңолду?
Чабылдың да, чачылдың,
Бетиңден пардаң ачылдың.
Жазайыл мылтык* түздөн ал
Керектүүң болсо бизден ал.
Он миң эле жылкыңыз,
Оодарылды мүлкүңүз,
Ыйлап жүрдүң үч күнү,
Эми чыксын күлкүңүз.
Аяк башты жыялык,
Аккан жашты тыялык.
Эндекей жүрбөй мүнөтүп
Аяк жагы Үч-Арал,
Тарбагатай, Кыңгырдан,
Алтыбайдын Тармал-Саз,
Ая-Көздүн Керме-Саз,
Капталың Кара-Кум болсун,
Кабардашып жоо келсе
Жердээр жериң бу болсун.
Марал-Кечүү, Уркунда
Башы жатсын ошондо.
Арада болсун Аңырты,
Кара-Эмилди, Кажырты,
Как ошону жердеңер.
Эсенкан эгер соо койбойт,
Эл деп бизди ойлобойт,
Көптүгүнө салганда
Көк найза салса бойлобойт.
Бекемденип каларбыз,
Акыр биз да тим жатпай,
Алеңгирди саларбыз.
Аны айтып эр Манас
Карыга кабар салганы,
Карап турган баарысы
Айран азыр калганы.
Эл зерикти, кеч болду,
Эл тарарга кез болду.
Нескарадан калганы
Алда эмине кылат деп
Алдырашып нес болду.
Бая бузуктук кылган мурунтан,
Капырдык кылган камбылдан,
Ырайымсыз даңгылдан,
Бая катын, кызга катылган
Дини катуу капырдан
Сексен алты кишини
Бүтүрдү тамам ишини.
Аты, тонун алганы,
Чабылган элдин баарына
Бөлүп берип салганы.
Үлөштүрүп бөлүптүр,
Айбаттуу Манас баланын
Айтканына көнүптүр.
Алты миң үч жүз кол калды,
Аты, тону жарагын
Баарын алды карагын.
Аман деди жаныңар,
Алты миң үч жүз саныңар,
Качып кетти ханыңар,
Баарыңарга эп болсо,
Мага кара баарыңар.
Манас айтып салганы,
Үч миң алты жүз экен
Өң кытайдын калганы,
Жан соогаттап жалдырап
Жалпы баары барганы.