Алтоо астына басылды,
Топурагы тосулуп,
Кармашкан жери казылды.
Берки турган бешөөсү
Да Манаска асылды.
Экөөнү экөө менен урду эле,
Бирөө эси чыгып турду эле.
Ичейинби каныңды,
Кыяйынбы жаныңды?!
Мынча колум тийген соң
Соо койбоюн баарыңды.
— Кайда болот ханыңар,
Ханың кайда болсо да
Кабарын айтып барыңар.
Каардансам бир жолу
Калбас тирүү жаныңар.
Как ушу сөзгө ынаныңар.
Ар кайсыңар ар кайсы
Улугуңарга барыңар,
Укканыңарды айтып салыңар.
Улуу черүү алыңар,
Урушту мага салыңар.
Колуңдан келсе койбоңор,
Өзү жалгыз Манасты
Кор кылууга ойлоңор.
Тартынып коркуп калбасын,
Ар кайсы ханың баарысы
Таалайына карасын,
Чакты келбей калганы
Талкаланып тарасын.
Так ошентип келбесе
Табалбас Манас чарасын,
Чаң кылгандай кол келсин
Асман-жердин арасын.
Бекер жаткан пенде жок,
Он бириң байлап кетем деп
Оолугуп келген бу жерге
Тырмактай акыл сенде жок.
Тирүү баргын өзүңөр.
Баштарыңа садага
Кулак, мурун, көзүңөр.
Күйөр болсо ханыңар .
Күрмөлгөн аскер камдагын,
Кайраттууңдан түк койбой,
Капылетке калбагын,
Баланчам болбой калды деп
Калбасын ичте арманың.
Жекеге чапчуу баатырың,
Жер тыңшоочу капырың,
Жетик толук акылың,
Өнөр билген аярың,
Өчтөшкөндүн баарысын
Өтүн жара саярың,
Күрөшсө жыкчуу бөкөңдү *,
Күүлөп чыгар жекеңди.
Аны айтып он бирин
Мингин деди,— атыңа,
Айтып баргын көргөнүң,
Хандарың жетсин датыңа.
Кыраан Манас баатырдын
Кыйрында турган кырк алты
Кыл дегенин кылышып,
Көкүлдөрүн атынын
Көзүнө ченеп кыркышып,
Манас кылды буйругун,
Толорсуктан кыркышты
Аттарынын куйругун,
Заманаң болсун тар деди,
Самаганың бар болсо
Хандарыңа бар деди,
Кабарды ылдам сал деди,
Өзүңөр көргөн кордугуң
Өчүңдү менден ал деди.
Кечикпегин, бат баргын,
Колуңдан оңой мен келсем
Аскериң арбын аткаргын.
Ушуну айтып эр Манас
Узатып жолго салганы,
Ар кайсысы шаарына
Асты алтымыш күндө барганы,
Аркасы алты айга чейин калганы.
Бара турсун элчиңиз,
Байкоого келген ченчиңиз.
Аны таштап салыңар,
Арстан Манас баатырдын
Алда эмине кеби бар
Кабарын угуп алыңар.
Атасы Жакып кашында,
Жаңы келди жаш Манас
Он беш жашар жашында,
Дөөлөт кушу башында.
Алтайлыктын баарысы
Бай Жакыбы баш болуп
Барып конгон жерлери
Мамырдын кара сазына.
Аргын Каракожосу,
Алчындардын Бообеги.
Манжулуктун Дөгөнү,
Наймандардын Көгөнү,
Кыргыздардан Саламат,
Кыпчактардын Ошпуру,
Кыдырбайдын Таз чечен,
www.bizdin.kg
Өзүбектен Акунбек,
Өткүр чечен Базылбек
Айдың көлдү жакалап,
Бай Жакыпты бакалап,
Өзөндү бойлой конушуп.
Өз алдынча болушуп,
Жандоого жанып конушуп,
Жай-жайынча болушуп,
Өлкөдөн ую өкүрүп,
Өтөктө төөсү бакырып,
Ар кайсысы ата уулу
Өз ураанын чакырып.
Атканы мылтык түз болуп,
Мыйзам учуп күз болуп,
Баш жагы Коңко тоосуна.
Ушагар улуу суусуна,
Чыкмак болду калайык
Чаркастандын уусуна.