Чабдарга камчы салыптыр,
Чарк айланып көп колун
Айлана качып калыптыр,
Аккуласын кындыйтып,
Ак найзасын зыңкыйтып,
Арстан Манас баатыры
Артынан түшүп алыптыр.
Чарчабас күлүк мал экен,
Чабдар аттын көөдөндө
Сексен шайтан бар экен,
Шайтандай учкан мал экен,
Алты миң жаткан аскерин
Алты айланта кубалап,
Аламын деп кыбалап.*
Жети миң толгон аскерин
Жети айланта кубалап,
Жетемин деп кыбалап.*
Ээн талаа чөл менен,
Нечен албан эл менен,
Айлана качып аскерин,
Жандай качып өз элин,
Чабдарга камчы салыптыр.
Аккула менен закымдап,
Арстан Манас жакындап,
Өрттөй көзү кызарып,
Өрдөктөй мойну узарып,
Кууп Манас калыптыр.
Ошончо колдун башы экен,
Ошо кезде Нескара
Он тогузда жашы экен.
Түбү кытай маңгүбө
Түрк уулуна кас экен.
Качып жүрүп муну айтат,
Калкынын баарын муңайтат:
— Кабылан жолго жатарбы ай,
Катыларга катылбай,
Кадемим мындай катарбы ай.
Жолборс жолго жатарбы ай,
Жолугарга жолукпай
Жолум мындай катарбы ай!
Буркурап, коркуп Нескара
Бу сөздү айтып салыптыр.
Бая муңдуу болуп, колуна
Мурун түшкөн кыз-келин
Кутулсак экен мындан деп,
Кужулдашып калыптыр.
Аккула менен жетерде,
Ак найза менен нетерде
Нескара элге кеп айтып,
Эсен бол, калкым,— деп айтып
Чабдарга камчы салганы,
Каканчынга* качмакка
Энди ойлонуп калганы.
Аккула менен чуратып
Артынан Манас жеткени,
Алтын кемер чети деп,
Ай далынын бети деп
Сыр найза менен неткени.
Өзгөчө күлүк Чабдар ат
Өксүтүп кетип баратат,
Накеринин* такага
Үзөнгү кагып шаркылдап.
Кыр аркага келтирип
Сыр найза менен жанчкылап*.
Эки жанчып* үч сайып,
Үзөңгүдөн бут тайып,
Аман болгун элим деп,
Талкаланды белим деп,
Азап айдап бу жерге
Эмине үчүн келдим деп
Октой болгон Чабдардын
Оозун жайып алганы.
Алмалуу белдин үстүндө
Четиндүү кыя чер менен,
Кийик баспас жер менен
Өйдөнү көздөй салыптыр,
Каркап күчү толбогон,
Бели толуп болбогон
Каран калган Аккула ат
Өйдөдөн өксүп калыптыр.
Өзгөчө буудан Чабдар ат
Булуттуу көктүн астынан,
Бураган чөптүн үстүнөн
Буркурап учуп алыптыр.
Жер түбүнө жетсе да,
Бээжин түгүл ар жагы
Кен тоого кирип кетсе да
Артынан Манас жетем деп,
Же өлтүрбөй, же өлбөй
Кантип кайра кетем деп,
Аккула менен тепеңдеп
Белге жакын калыптыр.
Туучунак менен түйүлтүп
Атасы Жакып барыптыр,
Тура тургун балам деп
Чылбырдан коштоп алыптыр.
Чыңырып жүрөт коё бер деп,
Коштогон бойдон баласын
Колуна жакын барыптыр.