Айтканын угуп алганы,
Бери келгин, бастыр деп,
Басаңкул айтып салганы.
Ханыңызга барыңыз,
Менин айткан сөзүмдү
Кабар айтып салыңыз.
Алаар жылкыңды алдыңыз,
Бери келгин мага деп
Не асылып калдыңыз?
Муну айтып Жайсаңбай
Бура тартып калганы,
Кууп кармап алам деп
Кутурган кул Басаңкул
Атына камчы салганы.
Бура тартып Жайсаңбай
Колун көздөй качыптыр,
Кууп келген Басаңды
Таноо деген бир калмак
Тосуп туруп ортодон
Колок* менен атыптыр.
Коркурап барып жыгылып,
Басаңкул өлүп жатыптыр.
Басаңкулдун өлгөнү,
Өлгөнүн көзү көргөнү,
Башчы болгон Нескара
Жайсаң байга жөнөдү.
Карап турган калың кол,
Адамы анын кумдан мол,
Төрт миң төрт жүз калганы,
Эки миңи ат коюп,
Ат койсо да бат коюп,
Аламан уруш салганы.
Алиги турган алты жүз
Атышарга жери түз,
Жазайылды * жаткырды,
Төө мылтыктын* бир жүзүн
Күркүрөтүп аттырды.
Төө мылтык үнү күркүрөп,
Эки миң барган аскердин
Тула бою дүркүрөп
Кайра качып калганы,
Каарданып Нескара
Чабдарга камчы салганы.
Чаң уюду абага,
Алты миң аскер бирдей тең
Чабуул коюп калганы.
Көптөп чабуул койгон соң
Чыдай албай Жайсаң бай
Чыга качты айлынан.
Токтоло албай Жайсаң бай
Тоого качып жөнөлдү.
Толкуп аткан дарыялык
Айылга кирип өмөлдү.
Кыз-келинин кармашып,
Дүйнөгө жармашып,
Олжолорун талашып,
Орчунун сен алдың деп
Ороңдошуп сабашып,
Алган мурун жылкыны,
Артып тартып мүлкүчү,
Чала кытай Нескара,
Чабылды Жайсаң бечара.
Кармаарын билип шекинип
Качты Жайсаң бир тоого,
Токойго кирди бекинип.
Кармап шону сойбой деп
Нескара жүрөт өкүнүп.
Катындар ыйлап чуркурап,
Балдары ыйлап чыркырап,
Колго түшпөй калганы
Кокту, жылга, тоо, ташка
Качып кирди зыркырап.
Айлына кирген дарыялык
Элүүдөй киши өлтүрүп,
Элдин көбүн бүлдүрүп,
Олжону арбын алышты,
Оңуп жыргап калышты.
Ошо күнү конушту,
Ою менен болушту.
Канды булоон болушуп,
Кара малдан союшуп,
А күнү антип жатканы,
Олжого кабат батканы.
Эртеңки күндө аттанып,
Эрдемсинип шаттанып,
Он бешке толгон жаштуудан,
Олоңдой кара чачтуудан,
Көчтөн чыккан көрктүүдөн,
Көмкөрө кундуз бөрктүүдөн
Жүз отуз кыз алыптыр,
Эмчеги тикче, эти арык,
Эңчегер бойлуу, кара каш,
Эптүү сулуу келинден
Эки жүз түшүп калыптыр.
Төөлөрүн бакыртып,
Эшектерин акыртып,
Уй мөөрөдү күңгүрөп,
Кой маарады дүңгүрөп,
Кишинетип жылкысын,
Кишилерин байлатып,
Жылдырып малын айдатып
Аңгире жолго салыптыр.