Муну айтып буластап,
Даң-Даң деген бир балбан
Урушканын сойлоткон,
Уларбоз атын ойноткон,
Устундардан улаткан,
Учуна болот сулаткан,
Урган жоосун кулаткан
Узун найза колунда,
Казандай болгон чоң күрсү
Кармап алып колуна,
Карабады соңуна,
Качырып келип калганы.
Аны беттеп карасаң
Күнөс балбан барганы.
Күнөс барды күркүрөп,
Көргөндүн бою дүркүрөп.
Найзаларын көтөрүп,
Атка камчы салышып,
Ээринин кашы деп,
Эт жүрөктүн башы деп,
Качырып найза шилтеди.
Төшкө найза так этип,
Чарайнага чак этип,
Тирешип карап турушту,
Көргүн сонун жумушту.
Найзадан арга болбоду.
Күрсүнү колго толгоду.
Күрсүнү күүлөп алышты,
Күркүрөшүп чабышты.
Күндүк жерге угулуп,
Калканга катуу тийгенде
Чакылдаган добушу.
Күрсүнү белге салышты,
Күркүрөшүп бир-бирин
Качырышып калышты.
Жакасына жармашып,
Ажыдаардай арбашып,
Эки балбан кармашып,
Эңишүүгө жетишти,
Тирешип экөө тартканда
Бакайынан аттары
Жерге кирип кетишти.
Каарын бойго салганы,
Капастыктын балбаны
Кайран Күнөс баатырды
Аттан жулуп алганы.
Калайык карап турганы,
Айлантып келип Күнөстү
Алып жерге урганы.
Күнөс өлдү таң болуп,
Тийген жери чаң болуп,
Кызыл жаян кан болуп,
Чарайнасы дат болуп,
Күнөс өлгөн жери деп,
Ошол жерге ат болуп.
Кыйын дөөсүн сойдум деп,
Кыргызды каран койдум деп,
Кайраттуусун сойдум деп,
Калмагын каран койдум деп,
Атым Даң-Даң билгин деп,
Ажалыңды сагынган
Адам болсоң келгин деп
Айгайын азыр салганы.
Аны көрүп акырып,
Айдаркандап бакырып,
Көкчө жөнөп калганы.
Ойбай, балам, койгун деп,
Көзүмдү менин ойдуң деп,
Айдаркан жетти акырып,
Баласына бакырып.
Жеткирбеди Даң-Даңга,
Айдаркан жетип барганда
Көкчө мырза кеп айтып,
Көт жагымдан не чаптың
Ай, атаке, деп айтып,
Токтоп тура калганы.
Майданга кирген баланы
Айдаркан тосуп алганы:
— Балтыр этиң толо элек,
Балбан күчүң боло элек,
Жүрөк этиң толо элек,
Жүткүнөр кезиң боло элек,
Койгун, балам, барба деп,
Жолобогун ага деп,
Айдаркан айтып салганы.
Аны көрүп эр Көкчө
Атамдын кеби акыл деп,
Андай болсо макул деп
Бура тартып калганы,
Бул аскерге барганы,
Кайтарып ийип баланы
Айдаркан баатыр калганы.
Каракөк атты моюндап,
Качырып каршы жеткени.
Уларбозун моюндап,
Малакайды коюндап,
Атка камчы салыптыр,
Найзаны колуна алыптыр,
Качырган бойдон эр Даң-Даң
Айдарканга барыптыр,
Каары менен багыптыр.
Качырып найза салаарда
Акылга толук Айдаркан
Найзасын кагып калыптыр.
Найзасы жерге сайылды,
Асабасы жайылды.