НЕСКАРА МЕНЕН МАНАСТЫН УРУШУ
Он бири алып ортого
Жакыпка камоо салганы.
Анда Жакып кеп айтат,
Аргасы кетип бек айтат:
— Ат, жөнүңөр ким болот,
Ата журтуң ким болот?
Кандай түрдүү жүрөсүз,
Бай Жакыпты билесиз,
Баласы Манас дегенди
Не себептен тилейсиз?
Муну айтып бай Жакып,
Мукактанып турады.
Мурдар *, атыңды бат айт деп
Булар күчөп сурады.
Жакып атын жашырып
Бердике деген мен деди,
Чын айтыңыз сен деди.
Ар жагы кыргыз элибиз,
Аралуу Алтай жерибиз,
Атам түрк, айлым аз,
Баласы Манас он төрттө,
Атасы Жакып мага кас.
Байлап кетсең баласын,
Мага десең канаке
Өлтүрүп кетсең Манасын.
Айдап кетсең канаке
Жакып деген бабасын.
Баянын айтчы балдар деп,
Бай Жакып сурап турду кеп.
Аны уккан соң он бири:
Жалгыз жүрсүң бу жерде,
Сага Жакып кас болсо
Жакыптын айлы не жерде?
Баштап бизди баргын деп,
Бай Жакыпка кылганды
Байкап көрүп алгын деп,
Баягылар турады,
Жайыңарды айткын деп,
Жандырып Жакып сурады.
Сук экенсиң болбойсуң,
Сурап чалым койбойсуң.
Көргөзгүн көзүбүзгө деп,
Жакыптын эли не жерде,
Жолуктур аны бизге деп,
Жок сөздү айтпай ташта деп,
Жолу кайда, башта деп,
Кайраттана калганы.
Айласы кетип бай Жакып
Он бирине кеп айтат,
Ой, баатырлар, деп айтат.
Тарбагатай керүү бар,
Жакып деген ал чалдын
Ушул жерден аттанса
Арасы эки күнчүлүк
Теректүү деген жери бар.
Кышка жакын конуучу,
Кыштоосу шондо болуучу.
Ээрчитпеңер өзүмдү,
Эскериңер сөзүмдү.
Нак Манаска кылар жумушту
Айтып берип бир жолу
Ачыңарчы көзүмдү.
Жакып чал сурап койбоду,
Жаңкыларды торгоду.
Он бири анда кеп айтат,
Ой, аксакал, деп айтат,
Оңой эмес жумуш деп,
Шу жерге келип туруш деп.
Манасты алып барбасак,
Алтайлыктын элинен
Арылбайт коога * уруш деп.
Бирөөбүзбүз Кумулдан,
Кумул да сизге угулган.
Жана бирөө — Камбылдан,
Кармашкан жоону нан кылган.
Бирөөбүз Мар шаарынан,
Он беш күндүк жол бастык
Улуктун коркуп каарынан.
Бирибизди сурасаң
Тарлан аттуу жерибиз,
Талкоо кытай элибиз,
Ындыстандын бери жагы
Коңгу деген жерибиз,
Доңшу кытай элибиз.
Жана бирин сурасаң
Дарыя Котон суусу бар,
Таңшуу деген көлү бар,
Далбаа деген эли бар.
Жана бирөөн сурасаң
Өзөндүү булак суусу бар,
Өзгөчө арбын ушулар,
Жери Жеркен аталат,
Тутушуп жоо чак келбейт,
Душманы колго маталат,
Башчы болгон Бакбурчун,
Хан жиберген каканчын *
Аяк башы чогулуп
Аттанып бери чыкканы
Алты жыл өттү арадан,
Асты дарек табылбайт
Айткан Манас баладан.

