НЕСКАРА МЕНЕН МАНАСТЫН УРУШУ
Желдей учат желиши,
Жаңы экен ушу келиши,
Тырмактары арбайып,
Оозу жаман аржайып,
Жерди басса айбандай,
Көчүк жагын караса
Алгыр кыраан тайгандай,
Башында мүйүз көрүнөт
Найзадан мурун сайгандай.
Манас менен иши жок
Басып чыга калганы,
Бу эмине шумдук деп
Бала көзүн салганы.
Басып чыгып дөбөгө
Бир кыйкырык салганы.
Кыйкырыгын караса
Беш күндүк жерге угулду.
Жети жүз он төрт кулжа экен,
Немеси калбай жыгылды.
Кулжанын баары өлгөнү,
Өлгөнүн Манас көргөнү.
Атайын, залим экен деп,
Атпай койсом бекер деп,
Алыскы, жуукка айныбас,
Ыраакы, жакын ылгабас,
Ортосу болот, оозу албарс,
Түтүнү туман, түбү Ыспан,
Кароолу дажаал *, огу ажал,
Асынып жүрсө Аккелте,
Ачууланса койчагыр,
Чындаганда замбирек,
Шай колдогон бадирек,
Мылтыгын колуна алганы,
Көк милтени түтөтүп
Бетине бала алганы.
Бере көргүн, теңир деп,
Өпкөсүнүн тушу деп,
Өлүүчү жери ушу деп,
Аккелте менен бир койду.
Көк түтүнү булады,
Көтөрүлүп көк жакка
Алты аркандын боюндай
Асманды көздөй чурады.
Как Манастын үстүнөн
Түшүп жерге сулады.
Баягынын кыйкырык
Жолдоштору угуптур,
Угуп эси чыгыптыр.
Аркасынан чаңырган,
Айбат менен жаңырган
Аккелте үнүн угуптур,
Атты бирөө мылтык деп
Таңыркашып туруптур.
Алигинин өлгөнү,
Өлгөнүн көзү көргөнү,
Басып келип бу Манас
Белинен эки бөлгөнү.
Кылычын Манас салганы,
Белинен эки бөлүнүп,
Бу жандар жатып калганы.
Жети жүз он төрт кулжаны
Кыйкырып кырып салганы.
Кулжаларды көрдүңөр,
Аркары жок, кулжа деп
Айылга кабар бериңер,
Ат менен төө, өгүздөн
Арбын алып келиңер.
Кызыкты кылып салды деп,
Кыйкырыктан кырылып
Кулжалар жатып калды деп,
Алты жигит чаптырып,
Алтайлыктан чакырып
Элге кабар салыптыр.
Эки жактан жыйылган
Эки миң адам барыптыр,
Эттерин жүктөп алыптыр.
Ошо суунун аягы
Эми да аты өчкөн жок
«Кулжа» атанып калыптыр.
Бая кытайдан келген он бири
Калайык дүрбөп жүргөндө
«Манас», «Манас» деген сөз
Кулагы аны чалыптыр,
Кайда Манас деген деп
Издеп келип калыптыр.
Манас бизге табылды,
Абийирибиз жабылды.
Азыр токтоп нетебиз,
Айдап алып кетебиз.
Ошону айтып ушулар,
Бая улуктан келген кишилер
Манаска көзүн салганы.
Алтоо эле жолдошу,
Арстан Манас жолборсу.
Атамды сурап нетесиң,
Акимдерден экенсиң
Алпарайын атама,

