НЕСКАРА МЕНЕН МАНАСТЫН УРУШУ
Кабарың кытай билемин,
Кабыл деди тилегиң.
Аны таштап салыңар,
Чабылып чыккан маңгулдун
Кабарын угуп алыңар.
Бая Үйшүн, Үмөт дегени,
Жайсаңбай ур эрени
Жан жабыла Жакыптын
Маңдайына келгени:
Ачсаң ал алаканыңа,
Абийир берсин баарыңа,
Жутсаң жумуруңдабыз,
Журт болуш мындан артыкпы,
Этегиңдин алдында
Эл кылыңыз бизди деп.
Эндекей жүрүш болбойт деп,
Нескарага окшогон
Эр келсе эсен койбойт деп,
Күнөс балбан агасы
Күлдүр жайсаң барганы.
Айлы чала чабылып,
Аттана качып жабылып,
Чаган* аткан күнүндө,
Буурул түндүн түнүндө
Тууган экен катыны,
Каңгай, маңгул чогулуп
Койгон экен атыны,
Калкына кабар салыптыр,
Карыясы ат коюп,
Чаган күнү* тууду деп,
Чаганбай коюп алыптыр.
Атасынын кашында,
Быйыл он төрт жашында.
Чаганбай аттуу балам деп,
Жолдош болсун Манаска.
Эл болгондун белгиси
Эрке бала жалгызым
Энди кошуп алыңыз,
Эби келсе баарыңыз.
Күлдүр айтып салганы,
Күлдү журттун баарысы
Ниети менен айтат деп,
Күңгүрөп күлүп калганы.
Күрмөлүп жаткан калың кол,
Күүгүм кирди шондо кон.
А күнү жатып алганы,
Эртеңки күн таң атып,
Жарык болуп калганы.
Жалпы аламан баарысы,
Жашы менен карысы
Жалпы баары турушту,
Кылалы деди жумушту.
Алтайлыктан азы бар,
Каңгайлыктан канча бар,
Маңгул журту көбү бар,
Баатыр Күлдүр лөгү* бар,
Алчын, үйшүн бу да бар,
Аргын Каракожо бар,
Айдаркан баатыр кошо бар,
Ногойлордон бай Жакып,
Нойгуттардан Акбалта,
Анын баары жыйылып:
Оркун дарыя жери бар,
Анын ары жагында
Уюган калмак эли бар.
Көкө-Ноор көлү бар,
Губий-Шаму чөлү бар,
Теңир-Ноор көлү бар,
Текши-Арш деген чөлү бар,
Карагайлуу талаа бар,
Каңгуш аттуу калаа бар.
Атагы Бээжин жер деген,
Адам уулу жеңбеген
Ант урган кытай эл деген.
Байкаса кыйын Бакбурчун,
Кайнап жаткан каканчын,*
Чылгый динсиз чынмачын,
Кесепет шаар Кантон бар,
Таңшут деген шаар бар,
Тамашанын баары бар.
Каспаң кара тоо деген,
Кайнаган жери шо деген.
Ар жагы Мухит көл деген,
Аты угулат бу жерге
Аны Алтайдын журту көрбөгөн.
Анын баары жоо болду,
Алакандай алтайлык
Алар асылса кайдан соо болду.
Өлүп калсак кырылып
Бир чуңкурга тололук,
Тирүү болсок жыйылып
Бир дөбөдө бололук.
Уктуңарбы баарың деп,
Улуу-кичүү карың деп,
Анда бата билбеген,
Ак динине кирбеген,
Мөндү, мөндү, мөндү* деп,
Эки колду төбөгө
Эл көтөрүп калганы,
Анты-шертин кылышып,
Ал а жерден тарады.

