НЕСКАРА МЕНЕН МАНАСТЫН УРУШУ
Адашкан бойдон кетиптир,
Нескараны ээрчиген
Алты миң аскер кишилер
Бай Жакыптын Кең-Арал
Аягы менен өтүптүр.
Эки күнү жол жүрүп,
Жол жүрсө да мол жүрүп
Маңгулдун журтун басыптыр.
Жайытта жаткан жылкысын
Тийип алып качыптыр,
Айдап жолго салыптыр.
Аны көргөн маңгулдар:
— Улуу черүү кол экен,
Адамы арбын мол экен,
Алдыргандын шору экен.
Жайсаңбай деген бай экен,
Так ошондо Жайсаңда
Он миң жылкы бар экен,
Оңбогондой мал экен.
Оодарып тийип алыптыр,
Ойбойду ээси салыптыр.
Ар тарапка чапкылап,
Ким экенин биле албай,
Же бирөөнөн сурап тил албай,
Кандай жүргөн кол дешип,
Аркасынан чабалык,
Андан кабар табалык.
Маңгулдуктар жыйылып,
Беш жүз адам болуптур.
Ат салышып акырып,
Айгайлашып бакырып:
— Ким болосуң элиңер,
Кидирбей айтып бериңер,
Жоолаганың ким эле,
Жообуңду айт деп тим эле.
Издегениң ким эле,
Ишиңди айт деп тим эле
Айгайды алар салганы.
Арык башчы Басаңкул:
— Бай Жакыптын баласы,
Кайда болот айтыңар
Байгур уулу Манасы.
Издегени шо деди,
Шону издеген кол деди.
Анда булар кеп айтат:
— Кулан жайлоо, Куу-Тезде
Манас, Жакып бу кезде.
Жакып деген атасы,
Манас деген уулу бар,
Бу жүргөн жандын чатасы.
Ан үчүн жылкыны алба деп,
Азапка бизди салба деп,
Айтыңар деди кебиңди,
Аскер башчы бегиңди.
Бизде бар болсо алгыла
Мурунтан калган кегиңди.
Жайсаңбай айгай салганы,
Угуп алып Басаңкул
Эр Нескара кытайга
Жайын айтып барганы.
Биз Дарыядан чыктык жол менен,
Алты миң төрт жүз кол менен,
Бу бай Жакыптын өзү го,
Бизди алдап айткан сөзү го,
Жашырып таштап Манасын,
Катып коюп баласын.
Бай Жакыпта болбосо
Башкада мындай мал болбойт.
Жылкыңды берем деп туруп,
Жылуу-жумшак кеп уруп,
Мойнуна укурук салалык,
Бортоңдогон бул чалдын
Өзүн кармап алалык.
Болсо Жакып өзү деп,
«Жакып деген мен эмес» —
Бу бизди алдап жаткан сөзү деп,
Нескара акыл чыгарды.
Бая Басаңкул чалы кеп айтып,
Амал менен бу чалды
Кармаса болот деп айтып,
Аскерден чыгып алганы,
Антип-минтип алар да
Алты жүз болуп калганы.
Басаңкул аны көргөнү,
Бай Жайсаңга жөнөдү.
Айдабайлы жылкыңды,
Ачпайлы деп уйкуңду,
Чачпайлы деп мүлкүңдү.
Жайсаңбай жакын кел деди,
Сенин кылган кызматың
Жакыптын уулу Манасты
Таап кармап бер деди.
Анда Жайсаң кеп айтат
Ачууланып бек айтат:
— Келген сенин жолуңда,
Ушу жактын тоолорун
Көргөн кишиң жок беле
Алты миң аскер колуңда?
Калган сенин артыңда,
Катыла албайм, коркомун
Бала Манас баатырга.
Кармап берер каруум жок,
Айдап берер алым жок.
Жылкы түгүл жыпжылас
Айлымды чаап кетсең да
Кармап берер табым жок.
Ушуну айтып Жайсаңбай,
Карап турду жайма-жай.

