Бара турсун жол менен,
Нескара баштуу зор менен.
Бай Жакып кабар салыптыр,
Аккула менен болкоюп,
Ак найза колдо койкоюп,
Накери* бутта чойкоюп,
Төгөрөктөн жыйнатып
Төрт жүз аскер алыптыр,
Төрөм-төрөм-төрөм деп
Тегеректеп калыптыр.
Ала байрак куу найза,
Шоодураган көй кашка*
Хан Жакыптын кашында
Кары менен чалдардан,
Кайраты жок балдардан
Эки жүзү бир башка.
Алты жүздөй кол менен,
Алмалуу кыя жол менен
«Атым Манас билбесең»,
Алтайлыктын түркүнөн
Алдырып ийчү ким дейсиң?
Аны айтып акырып,
Аскердин алдын кайра жапырып,
Жазайылды* жаткырып,
Күлдүр мамай мылтыкты*
Күркүрөтө аттырып,
Күлдү колун жапырып,
Күлдөн бетер сапырып,
Нескаранын аскерин,
Эрдемсиген көп элин
Жолун бууп алыптыр,
Жоболоңду салыптыр.
Өтөрүнө жолу жок,
Ары жактан караса
Өмөлүп келген колу жок,
Алты миң төрт жүз колу бар,
Алардын арбын шору бар,
Алмалуу деген жолу бар,
Арыстан Манас алыптыр,
Айкырыкты салыптыр.
Жарым күндөй болгондо
Камбардын уулу Айдаркан,
Алтай казак калкынан
Ашкере баатыр бу бир жан,
Күнөгөр балбан күркүрөп,
Наймандардан Карабек,
Атаңдын көрү кумарлык
Урушчу болсоң кайда деп,
Найзанын учу чабышып,
Адамдын башы кагышып,
Кырк жигиттин башы экен.
Он алтыда жашы экен
Көкчө деген баласы,
Айдаркандын салдырган
Ак-Калаа деген калаасы,
Аты Көкчө коюлган,
Айбатын көргөн адамдын
Көрсө көөнү тоюнган,
Ак тасмадай чоюлган,
Алымсейит дегени
Алдына баштап алыптыр,
Көкчө деген менмин деп,
Сен көпсүнүп кайдан келдиң деп,
Жеке-жеке-жеке деп
Жекеге чыгып туруптур,
Анын жекесине келе албай
Кытайды кудай уруптур,
Камалып карап туруптур.
Арка жактан карасаң
Бу да маңгул баатыры
Үйшүн деген акырып,
Үстүнө темир кийиптир,
Чыга келди бакырып.
Бир жүз он беш киши бар,
Ар бир сонун иши бар.
Үмөт чыкты жол менен,
Эки жүз ашык кол менен,
Жайсаң жандап алыптыр,
Бир миң беш жүз кол болуп,
Артын алды оролуп.
Алты шаар адамы
Кетпес болду оңолуп.
Күнөс балбан күңгүрөп,
Күрсүсүн сүйрөп дүңгүрөп,
Сегиз миң аскер кол барып,
Селдей жайнап мол барып
Курчап-курчап алыптыр.
Ак-Кыянын белесин
Атасы Жакып кашында,
Он үч жарым жашында,
Дөөлөт кушу башында
Манас тосуп калыптыр.
Кампас деген калаадан,
Каражой деген талаадан,
Калмак менен кытайдын
Как ортосу арадан,
Канча мыкты болсоң да
Куткарбаймын балаадан.