НЕСКАРА МЕНЕН МАНАСТЫН УРУШУ
Көргөзөйүн барымды,
Күүлөнүп келип чоң Даң-Даң
Айдаркандын найзанын
Учуна келип сайылды.
Эр Айдаркан турушун,
Көөдөгө найза урушун,
Бир урганда найзаны
Бүтүрдү минтип жумушун.
Ооздон найза салыптыр,
Моюндун баарын талкалап,
Шилиден чыга калыптыр.
Болжолу жок Айдаркан
Ушу жерде Даң-Даңды
Ойрон кылып салганы.
Дагы чыкты кытайдан
Күдөң деген балбаны.
А дегенде найзаны
Айдарканга салганы.
Айбатына чыдабай
Камбардын уулу Айдаркан
Кайра качып калганы.
Карап алып ошону
Аккуланы моюндап,
Томогону коюндап
Манас чыкты бакырып,
Бай Жакып деп чакырып,
Желекти желге жапырып,
Жекеге чыкты качырып,
Жеткен жерден Күдөңдү
Тебетейдей учуруп
Көмө жанчып* өткөнү.
Көт жагынан кытайдан
Ыраңшоо балбаны
Ыргап найза алганы.
Таталашып* капырлар
Баары кайрат шондо деп,
Бакырыкты салганы.
Ага каршы эр Манас
Аккула атын чуратты,
Бир урганда найзаны
Ыраңшоону кулатты.
Ыраңшоо калды жыгылып,
Чаңга башы тыгылып,
Этеги башка жабылды,
Капырды сайып кеткенде
Канжыгадай кара кан
Найзасына жабылды.
Аны көрүп кытайдын
Акылы баштан жаңылды.
Шаңмусары дегени,
Шашпай турган эрени,
Шалтаң деген аты бар.
Шаңы бийик каркыбар,
Шалтаңга камчы салыптыр,
Алеңгир жаа*, сыр жебе*
Жебесин көздөп алыптыр.
Качырган бойдон эр Манас,
Каарданып жеткени,
Ашыккан бойдон Манасты
Алыс атып салганы.
Коломсокко* кол салып,
Колуна тартып ок алып,
Киричине* чалганча
Коюп Манас кеткени,
Баатырдыгы эмей неткени,
Башын түшүп кескени.
Шалтаң атын алганы,
Урушка бата бергин деп
Байга тартып салганы.
Бай тулпарын алганы,
Бар кудай жардам берсин деп
Батасын берип салганы.
Аны көрүп алты шаар
Айгайлап ыйлан калганы.
Аны көрүп чыдабай,
Арданган бойдон Нескара
Чабдарга камчы салганы,
Чабуул коюп калганы.
Атаңдын көрү капыр деп,
Акыр заман башыңа
Түшүрөйүн акыр деп,
Аккула камчы салганы.
Качырып капыр калганы,
Чабдарга камчы салганы,
Аркасынан анын да
Чаң созулуп калганы.
Арстан Манас бет алып,
Акырып жетип барганы.
Алп кара куш арбайып,
Асмандан буту тарбайып,
Манаска жолдош болуптур,
Айбатынын баарысы
Ар тушуна толуптур.
Качырганын куткарбас
Кара чаар жолборстой,
Асылган аман болбостой,
Аккула аты астында,
Алп кара куш үстүндө,
Ажыдаар түгү түсүндө,
Качырганда Манаска
Уялбас ултаң бетиби,
Эси чыкпас жанагы
Нескара кулдун көтүбү.

