НЕСКАРА МЕНЕН МАНАСТЫН УРУШУ
Кайда экенин биле албай
Карап жүргөн өзүбүз,
Карыям ушу сөзүбүз.
Муну айтып билдирди,
Жакып байды бүлдүрдү.
Коюңар, балдар, коюм бар,
Койду карышкыр жеди деп
Коркуу кирген оюм бар.
Узайын, балдар, уюм бар,
Өңкөй улук жиберген
Бузук экен куюңар.
Жылкы, төө малым деп,
Жыюуга чыктым баарын деп,
Ал Жакыптын айлына
Алып барар алым жок,
Баштап барар маалым жок.
Бара бергин өзүңөр,
Башы чыккан чоң тоону
Көрбөйбү силер көзүңөр.
Ушуну айтып бай Жакып
Узатып жолго салганы,
Жалгызым кандай болот деп
Убайымга калганы.
Эки жарым ай болгон
Эркек бала Бакдөөлөт
А да тууп салганы.
Манасты душман алабы,
Бакдөөлөт тууган бир балам
Аман колдо калабы?
Анын дагы тоюна
Арбын малды союптур,
Абыке деп коюптур.
Чарайнада жаш бала
Чабышарга дарман жок.
Бешиктеги жаш бала
Белге таңуу болобу.
Бээжиндин журту асылды,
Белиме таңган Манасты
Мерт таптырбай коёбу?!
Каканакта Абыке
Кайрат кылсам болобу.
Кагылайын каралдым,
Какандын * ханы асылды
Кас кылбастан коёбу?!
Багым болсо кыйсамбы,
Малым болсо жыйсамбы,
Баламдын жайын кылсамбы,
Түркстан жакка жылсамбы,
Акыры жалгыз баламдын
Аргасын мындай кылсамбы?
Туучунак менен туйлатып,
Туюнтуп айтып бу кебин
Байбичесин ыйлатып,
Бай Жакып үйгө киргени.
Айыл башы Акбалта,
Акылдашы Бердике,
Жүзгө толгон айлыны,
Жүрүп жыйып алганы
Жүргөндөрдүн баарыны.
Баарын алды кашына,
Байын алды башына:
Кызыл чоктуу көп ойрот,
Кытай угуп алыптыр,
Кылабыз деп Жакыпка
Кекенишип калыптыр.
Кара чоктуу көп ойрот,
Калмак кабар алыптыр,
Хан Жакып деп кекенип,
Камданышып калыптыр,
Кандай арга кылабыз?
Манас ушу бала деп,
Баалап берип бир бала,
Мал алуучу бар бекен?
Бу Манас деп берүүгө
Пул алуучу бар бекен?
Бирөөндө бар бир бала,
Бирөөндө бар беш бала,
Бирөөндө бар чоң бала,
Бирөөндө бар он бала.
Бир баланы Манас деп
Берип койсок не болот?
Бир кудаанын жазуусун
Көрүп койсок не болот?
Өкүмүнө паашанын
Көнүп койсок не болот?
Бай Жакыптын малдарын
Манасына садага
Бөлүп койсок не болот?
Бу сөздү айтып салганы,
Бул олтурган калайык _
Баланча деп айта албай
Мукактанып калганы.
Бай шо жерде кеп айтат:
— Байбиче менен бай Жакып
Айтпаңар муну эсин жок,
Бала сатып Манас деп
Паашага берер кезиң жок.
Бириң аял ургаачы,
Бириң кары чалсыңар,
Экөөңдү карасам
Кандай акмак жансыңар?

