МАНАСТЫН БАЛАЛЫК ЧАГЫ
Чал чогулуп турганда
Баягы Баянчор калмак барганы
Ошпур байга кеп айтат:
— Тааптырсың малайды,
Малайың кылар далайды.
Тогуздагы бала экен,
Тозоку болчу жан экен.
Онго чыккан бала экен,
Ойрон болчу жан экен,
Үрпөйгөндө кайраты
Үрүстөмдөй бар экен.
Жетимиш төрт жашым деп,
Жерге кире таштады
Серпкенинде башым деп.
Оодарып аттан алды деп,
Ойрон болор чагымда
Жанындагы бир бала
Жакшы жөлөп калды деп.
Жалган дебе мунумду,
Тартып алды курумду.
Оң жактан салды кучакты,
Оодарып тартып алды го
Оттук менен бычакты.
Алып бер малайыңдан деп,
Бузук сүйсөң бурутум*
Бычагың тартып алармын
Мен дагы далайыңдан деп
Баянчор айтып салганы.
Бар болсо алып берем деп
Ошпур жөнөп калганы.
Жамыратып козуну,
Жалдыратып көзүнү,
Байкап тургун Ошпурдун
Балага айткан сөзүнү:
— Кандай курган баласың,
Келгениң сегиз күн болду
Калбаны мынча саласың.
Карып калган калмактын
Үзүптүрсүң куруну,
Калмак келип турбайбы
Катуу салып суруну.
Ойноп алсаң бере кой
Оттук менен бычагын,
Ушу бейлиң бар болсо
Сени ойрон кылып бычамын.
Бере кой, Манас балам, деп,
Мен дагы абийир алам деп
Ошпур чал айта салганы.
Одурайып бетине
Манас карап калганы.
Мен кечээ алдым жаңы олжо де
Менин бербесимди болжо деп,
Олжону берип болобу,
Ошентсе Манас оңобу?!
Чал сүйөнөт чалдарга,
Бөлүп берип койгомун
Жанымдагы балдарга.
Бергин десең, Ошпур бай,
Калаба салып көрөмүн,
Калмагыңды өлтүрүп,
Кунун байлап беремин.
Муну айтып жаш Манас
Баянчорго жеткени,
Айбатына тура албай
Аттана качып кеткени,
Артынан кууп Манасы
Аттууга жөө жетпеди.
Манаска Ошпур бата албай,
Батынып кебин айта албай,
Куруган кандай бала деп,
Мени курутмакка бай Жакып
Берген экен мага деп,
Бай Жакыпка барайын,
Мунун баянын айтып салайын,
Куу баладан кутулуп,
Анан тынчтык алайын.
Аны ойлонуп Ошпур бай
Бай Жакып көздөй жөнөдү.
Эртеси жок кечинде,
Кечки дигер кезинде
Барды Жакып байына,
Баланын барган жайына,
Бакдөөлөт менен Чыйырды
Амандашты баарына.
Балаң кандай жүрөт деп
Байбиче келди жанына.
— Аман-эсен акыр деп,
Билгенин кылып жатыр ден,
Өзүңөрдөн кой багып
Мен бир жүргөн жакыр деп,
Коё берсем оюна
Козу менен коюңду
Түгөткөндөй такыр деп,
Албасаңар болбос деп,
Ал коюңдан койбос деп,
Айдап коюң бөлдү деп,
Аз күнү койсоң угасың
Аксакал Ошпур өлдү деп.

