МАНАСТЫН БАЛАЛЫК ЧАГЫ
Өйдө салып калмактар
Өрүп кетип баратыр,
Көрбөгөндү алтайлык
Көрүп кетип баратыр,
Астында Манас жаш бала
Баштап кетип баратыр.
Башын кесип ар жерге
Таштап кетип баратыр.
Карагай найза сүңгүсүн*
Калмактардын жонуна
Аштап кетип баратыр.
Кара жанын жаш Манас
Карыштап кетип баратыр,
Астындагы аксур ат
Арыштап кетип баратыр,
Алтайлык качып ар жакка
Жапыстап кетип баратыр.
Сегиз жүз келген алтайлык,
Төрөсү өлүп Домабил,
Төрт жүз он үч кишиси
Төгүлүп каны далдайды.
Түштүк жерге сүрүптүр,
Түшүргөндүн баарысын
Этегин башка түрүптүр.
Эсеп жок өлүп бүлүптүр,
Эми оңбойбуз мындан деп
Эстүүлөрү билиптир.
Асты качып үркүшүп,
Алтайды ашып дүргүшүп.
Калганынын кыйласы
Камбылга качып кириптир.
Жалгызынын артынан,
Баласынын дартынан
Туучунакты моюндап,
Туулгасын коюндап,
Бай Жакып барат бакырып,
Балам бери токто деп
Байрак булгап чакырып.
Асый эмес, бышты деп,
Астына элдин түштү деп,
Чарчабаган бу доңуз
Кандай жылкы күчтүү деп .
Бай Жакып атын каргады,
Айрыштын сары кайкаңдан
Баласын жетип кармады.
Манас токтоп калган соң
Андан ары кубалап
Алтайга киши барбады.
Кут болсун Манас төрөм деп
Кортуктун уулу барганы,
Кубанып Жакып атасы
Кайра тартып калганы.
Бая калмактардын тон-тоноо
Кара журт талап алганы.
Алтайлыктын калмагы
Ажыдаар чыкты деп,
Аты Манас мыкты деп,
Эсенканга неткен деп,
Эмдигиче соо коюп
Эси кайда кеткен деп,
Жаң-жуңуна* жарылдап,
Калдайына* каңкуулап,
Доотайына* добурап,
Дуу-Дууга* арзын беришип,
Кыйратмак болдук аны деп,
Кытайга айтып келишип
Жата турсун жайында.
Айрып манжу калмагын,
Аты-тонун олжолоп
Айылына барганын.
Кыргынды кыйла салыптыр,
Манжудан барган калмактан
Кырк төртү өлүп калыптыр.
Өлүгүн жыйнап алышты,
Өкүрүп ыйлап калышты.
Өкүрбөңөр ыйлап деп
Калганынын баарына
Кайрат айтып салышты,
Казак, кыргыз барышты.
Журт бололук сизге деп.
Өлгөн жанды тиргиздиң,
Тууган болгун бизге деп,
Ырайыңар артыкча
Көрүнөт жакшы көзгө деп,
Ынаныңар сөзгө деп,
Душман болдук сиздерден,
Ишенбейт бизге өзгө деп
Калмактардын карысы
Кары Жакып байынын
Кашына келди баарысы.
Өлүктү кандай кылсак деп
Акылдашты баарысы.
Бала Манас кеп айтат:
— Баарыңарга эп болсо,
Мен бийлеген кеп болсо,
Бизди тууган көр деди,
Жерди казып, өлүктү
Баарын бирдей көм деди.
Маакул болот акыр деп
Жерди терең оюшту,
Өлүгүн көөмп коюшту.

