МАНАСТЫН БАЛАЛЫК ЧАГЫ
Ошпур бай күттүң далайды,
Алып келдим мен сизге
Козу багар малайды.
Ошпур үйдөн чыкканы,
Жакыптын сөзүн укканы.
Түшүңүзчү аттан деп
Чылбырынан тутканы.
Аттан түшүп Жакып бай,
Акылдашты жайма-жай.
Ал айылда бар экен
Атасы кыргыз Кадообай,
Анын бардыр бир уулу,
Баласынын аты Чегебай.
Манас менен Чегебай
Козу баксын жайма-жай.
Бай Жакып айтты ушуну,
Баксын деди козуну.
Ошпур менен Кадоого,
Баланы багып кароого:
— Кээде ач болсун, кээде ток,
Кеби тийсе ур да, сок.
Катыксын деп баламды
Хан Жакыптын талабы.
Жашырып айтып Жакып бай
Кайтты үйүнө жайма-жай.
Кайтып Жакып кеткенин,
Манастын көргүн неткенин,
Арасынан булардын
Жетинчи күнгө жеткенин.
— Чеге бала чором деп
Жеке менин жором* деп,
Жүр козуга баралы,
Жүдөтпөй малды багалы.
Козусун айдап кобурап,
Тоону көздөй жобурап,
Баланын сөзүн сөздөшүп,
Бара жатат бул экөө
Бадалдуу тоону көздөшүп.
Козусун балдар жайыптыр,
Колуна чыбык алыптыр,
Каршы алдынан бир бөрү
Качырып чыга калыптыр.
Карышкыр деп, бөрү деп
Кабарын мурун укпаган,
Жашы жеткен тогузга,
Карыш үйдөн чыкпаган.
Көзүн Манас салганы,
Баса калып козунун
Куйругун жулуп алганы,
Бул эмине шумдук деп
Көрүп айран калганы.
Манас туруп кеп сурайт,
Он бирдеги баладан
Бу эмине деп сурайт.
Көрө салып Чегебай:
— Атасынын көрү деп,
Аты мурун бөрү деп,
Коё берсе эркине
Кете берет тоо жакка
Бу козунун баарын жеп.
Чегебай айгай салганы.
— Кыйкырганың эмине?
Кыңк этпегин дегеле,
Бөрү болсо нетер деп,
Карды тойсо кетер деп
Манас айтып салганы.
— Козуга убал болор деп,
Баарын жесе, капырдын,
Карыны араң толор деп
Бала чурап калганы.
Бара жаткан балага
Бөрү көзүн салганы.
Кайрат кылды күркүрөп,
Кайта качты Чегебай
Кара бою дүркүрөп.
Коркоксуң, кайра качтың деп,
Акылыңдан шаштың деп,
Кужуру кайнап эр Манас:
— Кулагынан алайын,
Өлбөгөн жерде калайын.
Мунун атын бөрү дейби деп,
Адамды бөрү жейби деп,
Кашына чуркап барганы.
Көтөрүп алып козуну
Качып карышкыр кеткени.
Чала-була куйруктап
Кууган менен жетпеди.
Тогузунда коркпогон
Эрдиги эмей неткени.
Көтөргөн бойдон көк бөрү
Тоодон ашып кеткени.
Токтобостон кубалап
Капчал* улуу зоо менен,
Көз учкан бийик тоо экен
Карышкыр кирип кеткени,
Козунун канын кубалап
Артынан Манас жеткени.
Жетип барып караса
Аттары бар канаттуу,
Адамдан башка санаттуу,
Аргымак, бедөө* минишкен,
Аземдүү тонду кийишкен
Бир үңкүрдө кырк киши,
Бир өтөктө жык киши.

