Анда Манас кеп айтат,
Ачуусу келип бек айтат:
— Ата жөнүм сурабай
Аттангын, чалым, деп айтат.
Корккондон чалың компоюп,
Аттанып алып зомпоюп,
Оттук, курдан айрылып,
Ошпурду көздөй сумсайып,
Чалдын жөнөп кеткени,
Балдардын көргүн неткенин.
Сараймандын айлы экен,
Саламат экен атасы,
Эки жүз козу сугарып,
Козусун жайып чыгарып,
Кемирчек казып алыптыр,
Бу экөөнүн кашына
Алар төрт бала келип калыптыр.
Төртөө боюн теңешип,
Төмөндөн келет кеңешип:
Бу козу отточу жер эле,
Бир Жагы токой чер эле,
Чендетпейлик ченине,
Келтирбейлик буларды
Козу отточу жерине.
Экөөн койсок ыйлатып,
Эзип, жанчып кыйратып,
Үйлөрүнө барар деп,
Ушу жерге келиштен
Үмүтүн үзүп салар деп.
Короосуна барар деп,
Коркуп кетип калар деп.
Төрт бала келип калганы,
Аксакалы Айнакул
Жанындагы Кутмандын
Төшүнө минип алганы.
Төрөм кантер экен деп
Чегебай көзүн салганы.
Төрө демек бир кыял
Оюна келип калганы.
Ай, бачагар, тургун деп,
Аны барып жаш Манас
Жыга тартып салганы.
Тура калып Манаска
Жудурук* коюп калганы.
Башты көздөй туштады,
Манас туруп муштады.
Айнакул калба баштады,
Манас башка койгондо
Башы үзүлө таштады,
Эки көзүн жаштады.
Эстен танып далдайып;
Айнакул калды шалдайып.
Ойногонго нетти деп,
Ооп эсиң кетти деп,
Ойлобостон айтасың
Оозуңа келген кепти деп.
Өз кылганың өзүңө,
Жетип келип баскыдай
Не көрүндү көзүңө?
Муну айтып эр Манас
Жакасынан сүйрөдү,
Жаным чыгат кокуй деп
Жалынып бала сүйлөдү.
Сынганга окшойт башым деп,
Чыкты көздөн жашым деп
Тура албады ордунан,
Тур деп келип бу Манас
Көтөрдү анын колунан.
Урууга келген үч бала
Манастын кирди соңунан.
Бирөө кармап солунан,
Бирөө кармап оңунан,
Бирөө келип жабышып
Түшпөдү Манас жонунан.
Ачууланып Манастын
Түгү тешти тонунан,
Камтый кармап үчөөнү
Урду жерге колунан.
Төртөө бирдей ыйлады,
Төгүп жашын тыйбады.
Төрө мени дегин деп,
Козунун этин жегин деп
Төртөөн Манас сыйлады.
Шишкебек кылып козуну
Жегин деди ушуну,
Куйрук менен башыны
Куп жедирди ушуну.
Тойдуңарбы кардыңар,
Кардың тоюп алган соң
Үйгө не үчүн бардыңар?
Алты бала чогулдук,
Нак ушу жерге жатабыз,
Ашык* оюн атабыз.
Аны айтып бу Манас
Козусун кошуп алганы,
Коркутуп антип салганы,
Балдардын баарын кетирбей
Конуп жатып алганы.
Түн ортосу болгондо
Кобо калып бу Манас
Жана бир козу кармады.