МАНАСТЫН БАЛАЛЫК ЧАГЫ
Карап турбай жаш Манас
Карсылдаша кеткени.
Чапканы түштү чалкадан,
Урганы түштү узундан,
Урушкан менен калмактар
Аман калбас ушундан.
Атасы Жакып акырып,
Айланайын койгун деп
Арачалап бакырып.
Беш жылкычы, бир бала
Мен-менсиген калмакты
Беш, алтоон кубалап,
Бел ашырды жапырып,
— Бери токто, балам, деп
Бай Жакып барат чакырып.
Аралоого калмакка
Айлына жакын калыптыр.
Жалгызым эми кантет деп
Аркасынан баланын
Айгайды Жакып салыптыр.
Атасы үнүн уккан соң
Астындагы сур бышты
Оозун тартып алыптыр.
Атакеси Жакып бай
Артынан келип калыптыр:
— Айланайын каралдым,
Алды-артыңды карагын,
Кызырлуу кыргыз элиң жок,
Азыр кыйындык кылар эбиң жок,
Түмөн кыргыз элиң жок,
Тентектик кылар эбиң жок,
Дегелешип калмакка
Тең айтышар кебиң жок.
Балтыр этиң толо элек,
Балбан чагың боло элек.
Жүрөк этиң толо элек,
Жүткүнөр чагың боло элек.
Карагын айткан сөзүмдү,
Аңдап, көрчү, кулунум,
Алды-артыңда күйөр жок,
Ачып кара көзүңдү.
Каңгайдан калың кол келет,
Карып калган чагымда
Кара жанга зор келет,
Алтайдан арбын кол келет,
Аксакал болгон чагымда
Азаптуу жанга зор келет.
Кызыл чоктуу көп ойрот,
Мени кытай кайдан соо коёт?!
Кара чоктуу көп ойрот,
Калмак кайдан соо коёт?!
Кара көзүм оёт бейм,
Карып калган атаңды
Каапырлар кармап соёт дейм.
Кара жаным саа курман,
Белиме таңуу каралдым,
Сени дагы кокустан
Мерт таптырып коёт дейм.
Өлбөсөң өчүм аларсың,
Өлүп калсаң, каралдым,
Өксүп жатып каларсың.
Кетпесең кегим аларсың,
Кетип калсаң, кулунум,
Кемип жатып каларсың.
Баштан ары бир салып
Башчысын мурун сойдуң деп,
Башкалары не болду,
Балаага мени койдуң деп,
Чокудан ары бир салып
Чоңсунганын сойдуң деп,
Жолдоштору не болду,
Мени жоболоңго койдуң деп.
Жүргүн кайра жөнөйлү,
Калмактарды көрөлү,
Кантер экен каапырлар,
Кааласа кунун берели.
Бай Жакып кайра бастырды.
Бала Манас кеп айтат:
— Ай, атаке, деп айтат,
Курулай корктуң тегеле,
Кун дегениң эмине?
Анда Жакып кеп айтат:
— Кун деп санап мал алат,
Ал малына көнбөсөң
Бу курган кыргыз таланат.
Айбына санап мал алат,
Айтканына көнбөсөң
Аз кыргыз мында таланат.
Акырында, кулунум,
Өлтүрбөй койбойт өзүңдү,
Ойбой койбойт көзүңдү,
Аңдап бил айткан сөзүмдү.
Баласы Манас кеп айтат:
— Ай, атаке, деп айтат,
Абалында кол салып,
Сизди келип камалап
Урган калмак турбайбы.
Жалгыз чака пул берсем
Мени кудай урбайбы.

