Кылымга малың толуптур,
Эсебин уксам, атаке,
Кырк миң жылкың болуптур,
Жылкычың Ыйман угузду,
Жыйылып турган жеримде
Кулакка сөзүн жугузду.
Калмак өлүп калды деп,
Кааласа алар малды деп,
Кайрат айтты Ыйманың.
Калмакка кыргын саларда
Кайтарып мени тыйганың.
Ырасын айтсам сөзүм бу —
Ырысымды кыйганың.
Коркуп жүрүп бирөөдөн
Мен короого малды жыйбадым!
Жалынып жүрүп бирөөгө
Мен жайытка малды жыйбадым
Арбытып айыл жыяйын,
Аманат жанга бир өлүм,
Намыс үчүн кыяйын.
Короого коңшу жыяйын,
Корксо да жанга бир өлүм,
Арбак үчүн кыяйын.
Сенин түбүң кимден болчу деп,
Түрмөгүң айтып койчу деп,
Тегиң кимден болчу деп,
Терип айтып койчу деп
Тегин бала сурады,
Телмирип Жакып турады.
Түбүн бала сурады,
Түнөрүп Жакып турады.
— Оо балам, уругуң кыргыз — түрк деп,
Өкүмөт кылган бабабыз
Кытайдын журтун сүрүп деп,
Айрылганбыз эл-журттан,
Ар кайсыбыз ар жерде
Аким болуп жүрүп деп.
Чоң атаң аты Ногой деп,
Каратып турду Кашкарды,
Кара-Шаарга жеткенче
Хан атаң Ногой башкарды.
Санатын алган Сары-Колду,
Ага самаган душман сап болду.
Ордо кылган Ополду,
Даң-дуң тоонун оюна
Далай журтун которду.
Соонар көлдү бойлогон
Балам, бабаң Ногой тушунда
Согушкандар сойлогон,
Лоп жакасын жердеген,
Ойротко намыс бербеген.
Бизди кудай урганда,
Эл кадырын биле албай
Эндейиңки турганда,
Эсенкандын жарлыгын,
Көрүп калдык ошондо
Бийлигинин бардыгын,
Тартып калдык ошондо
Кытайлардын тарлыгын,
Көрүп калдык ошондо
Башка токтоп турбаган
Дүнүйөнүн карлыгын.
Эсенкандын элинен
Элүү жүз миң кол келди,
Чаап түштү талкалап
Биз караткан көп элди.
Эндекей жатып эзилдик,
Кенебей жатып кесилдик.
Байкабай жатып малындык,
Башыбыз торго чалындык,
Бар кудай жанды койгун деп
Жараткан деп жалындык.
Кыргынды кытай салганы,
Кыйла жан өлүп калганы.
Кытайдан качып кыйла жан
Балам, Багдатты көздөй барганы,
Баштатан минтип чачылып
Бабаңдын ичте арманы.
Букарабыз, бу күндө,
Башты кытай кармады.
Бай деген бир агаң бар,
Ополду жердеп калганы.
Орозду деген агаң бар,
Жайлайт деп угам Алайды.
Жакып деген өз атаң,
Жардылыктан, жоктуктан
Мен да көрдүм далайды.
Үсөн аттуу агаңды,
Үмүтүм андан үзүлдү,
Кытайдын кыям * жагында,
Даңгирди жердейт шекилдүү.
Бери жагында кырк күндүк
Караңгы токой чер бар дейт,
Ал токойдун ичинде
Аюу, жолборс, кабылан,
Албан түрдүү шер бар дейт.
Андан ары барганда
Кайып багып мал кылган
Канча түрдүү эл бар дейт.
Байкап турсам не түрдүү
Барса келбес жер бар дейт.
Көп алыс жолго барды деп
Көргөн, уккан эл айтат,
Эл айтканда нени айтат,
Көрө албайсың деп айтат.