Жолдош болгон баласы,
Манжурдан келген эл үчүн
Манжыбек деп аталат.
Кара токо калкы бар,
Кайраты толук каркыбар,
Алгын кабар сөзүмдөн,
Атасы өлдү өзүңдөн,
Эртели-кечти эки убак
Баласы чыкпайт сөзүңдөн.
Кармаарыңа кол болуп,
Казатка чыксаң жол болуп,
Көрөрүңө көз болуп,
Көкүрөгүңө эс болуп,
Чогулган калмак карасы
Жоролошуп өзүңө
Жолдош болот баласы.
Жана Манас кеп сурайт,
Жайы-көйүн көп сурайт,
Алтын таажы башында,
Аскердин турган кашында
Бу ким деген деп сурайт.
Аскердин турган кашында,
Азыр он беш жашында,
Акылы болор жай деди,
Атасы анын Бай деди,
Жарыгы тиер ай деди.
Аны айтып чилтендер
Ачкын деди көзүңдү.
Көзүн Манас ачыптыр,
Көрсө Жакып атасы
Үйүн көздөй качыптыр.
Жылкычы башы Ыйманы,
Жылкыны айдап жыйганы.
Кайып болду кырк чилтен,
Караса как талаада
Кайгырып бала ыйдады,
Кара жашын тыйбады.
Кардык түшүп башына,
Атакем кайда кетти деп,
Мен аны талаада неттим деп,
Кызыл байрак кырк адам,
Кылчайбай кайып болду деп,
Ээн талаа, эрме чөл
Мени элким кылып койду деп.
Айдап жылкыны алайын,
Атасынын көрү калмакка
Айдап берип салайын.
Ыйман аба жүргүн деп,
Жылкыны айдап түргүн деп,
Жылдырып жылкы айдады.
Калабага саласың.
Өлгөн калмак жерине
Өчөшкөндөй барасың,
Өкүмүңө аласың.
Азыр өткүрсүгөн баласың,
Өмөлүп калмак келгенде
Өзүңдү билбей каларсың.
Аргасы жоктон жылкычы,
Айдаган Жакып жылкысы,
Бара турсун ушулар
Коруган жери кайда деп,
Коркпой ылдам айда деп.
Коркурап кыйла жыгылган
Бая кордук көргөн кишилер,
Жер коруган калмактын
Жетиси калган жыгылып,
Алтоо аман калыптыр,
Аттарын кошуп жылкыга
Ыйманкул айдап алыптыр.
Чамбыл ала чаң болуп,
Кызыл ала кан болуп,
Эстерин жыйып элдиреп,
Акылын жыйып алдырап,
Көк теңири * урду деп,
Алды алдынан балдырап,
Өлүп жаткан Кортукту
Өзүлөрү көрүшүп,
Өткүр Манас баланын
Өкүмүнө көнүшүп.
Көнбөгөндө неткени
Жөөлөп басып, жөө болуп
Үй-үйүнө кеткени.
Экөөнүн колу сыныптыр,
Бирөөнүн буту чыгыптыр,
Үчөөнүн башы айрылып,
Үшкүрүшүп, кайгырып
Калмак барсын жайына,
Карсыман суунун сайына.
Жылдырып алып жылкы айдап
Бара турсун жаш Манас
Жылкы салар жайына.
Аны таштап салыңар,
Атакеси Жакыптан
Айтылса кабар алыңар.
Байкуш болуп бүгүлүп,
Баласынан түңүлүп,
Ажына * моюнга минди деп,
Манасым болду жинди деп,
Бакырсам укпайт тилди деп,
Оюна келген кепти айтып
Оолуккан бойдон кетти деп,
Кыйкырып жатсам кылчайбайт,
Жин болбосо нетти деп,
Манжурия калмагын
Башка чаап сойду деп,
Балам десем байкабайт,
Баладан жаным тойду деп
Барган экен катынга,
Байбиче айран-таң калды
Бай Жакып айткан датына.