Атасы айтып келди деп,
Ажына * шайтан минди деп,
Не болгонун биле албай
Энтелеп мага келди деп,
Байбиче муну ойлонуп,
Баскан бойдон толгонуп
Бозтайлак чечип алганы,
Ботом эй, атты чечкен бу ким деп,
Бай Жакып чыга калганы.
Минесиң атты кайда деп
Чылбырдан кармай калганы
Чымырканып Чыйырды
Чылбырын сууруп алганы.
— Байкуш болгон мен деди,
Баладан тойгон сен деди.
Өлүүбү-тирүү билбейсиң,
Өчөшкөнсүп балага,
Баланы таштап талаага,
Өзүңдөй жүрчү ким дейсиң?
Бозтайлак менен болукшуп,
Байбиче чыкты толукшуп.
Бара турсун байбиче,
Аны таштап салыңыз,
Алиги барган баладан
Айтылсын кабар алыңыз.
Айдап жүргөн жылкысы
Коругуна барыптыр,
Козголбой жайып салыптыр.
Кордук көргөн калмактар
Кокуйлап үйгө барыптыр.
Жагалалап * буркурап,
Жалпы баары чуркурап,
Байгурдун кылган кордугу,
Башкача кылган зордугу,
Кыргыздын кылган кордугу,
Кыйын экен зордугу.
Айыл башын өлтүрүп,
Айдап жылкы алууну,
Корук кылган жерлерге
Мунун кордоп келип салууну.
Койбойлук тирүү жанын деп,
Колго тийсе союңар
Жанагы Жакып деген чалын деп,
Жалпы алалык малын деп
Ар тарапка аттанып
Калмактар кабар салыптыр.
Калмактан угуп кабарын
Саламаттын иниси
Сарбан аттуу бир киши
Бай Жакыпка барыптыр:
— Камынып жатыр калмак деп,
Эртең шашке-түш менен
Сизди чаап алмак деп,
Деги чыдабадым аңдап деп.
Жакып чыкты тыш жакка,
Жалынып чыкты бир акка.
— Акбалтага айтыңар,
Бердикеге барыңар,
Менден кабар салыңар,
Бекер өлүп калбайлык,
Беленденгиң баарыңар!
Дамбылдага нетти деп,
Карпаңдады бай Жакып
Түгөнгүр кайда кетти деп,
Түгөнүп калган ушунда
Түбүмө кемпир жетти деп,
Бозтайлак минип ушунда
Болбой катын кетти деп.
Өзүм баштап өлсөм да,
Өзү кадыр алданын
Өкүмүнө көнсөм да
Мал-мүлкүмдү алса экен,
Балам аман калса экен.
Намыстанып калмактар
Аттанган экен баарысы,
Оңдурбас жумуш болуптур,
Алты зубун журтуна
Аябай кабар салыптыр.
Менин өлгөнүм болсо көрбөйбү,
Өңкөй кыргыз балдары
Өкүргөнсүп көмбөйбү.
Кеткеним болсо көрбөйбү,
Кейиген болуп көмбөйбү.
Саламат менен Ошпурга
Салам айткын ошого,
Карабек казак бийине,
Казак, кыргыз бир тууган,
Калмак камап жатканда
Кантип жатат үйүнө.
Наймандан Чоро баатырга айт,
Шашкеге калбай ылдам кайт.
Коңурат Байбак карыга айт,
Айдаркан деген тың бала
Как ошого тийип кайт.