МАНАСТЫН БАЛАЛЫК ЧАГЫ
Үсөн атын жойду деп,
Аттары бузук алардын,
Көкзаман деп койду деп,
Улуу уулу Көкчөгөз,
Угулат мага шондой сөз.
Экинчиси Чагалдай,
Анын элесин калдык таба албай.
Үчүнчүсү Агалдай,
Үшкүрөмүн бара албай.
Төртүнчүсү Дөрбөлдөй,
Анын барган жери бир көрдөй.
Бешинчиси Арбалдай,
Бербердигер бир кудай
Бендесин чачат ар кандай.
Алтынчысы Бекебай,
Аларды санап олтурсам
Арман кылам бир далай.
Жетинчиси Токтобай,
Мен алардын жанында
Жеримде жатам жайма-жай,
Ногой деген бабаңдын
Иниси бар — эр Шыгай.
Шыгайдын уулу Жапакты,
Сар-Кол менен Үч-Артта
Жатат деди ушунда.
Жатат деп угам жан багып,
Жаркен жагы күн батыш
Жамыра тоодо мал багып.
Балам чачылган сенин тууганың,
Менин чамам кетип турганым,
Капилет жерден эр өлүп,
Карганда менин курганым.
Хан Жакып айтып болгону,
Кайышып бала толгонду.
Кайда кетип калды экен,
Бөрү болгон кырк киши,
Кайда экен деп ойлонду.
Бекер эмес эле деп,
Бел-белди карап элеңдеп.
Жакыпка жооп айта албай,
Жаман жерден өлтүрүп,
Иш кылдым деп шайтандай
Талаага көзүн салганы.
Кызыл байрак көтөргөн
Кырк киши чыга калганы.
Кырк кишини көргөн соң
Кыйкырыгы баш жарып
Бала күлүп калганы,
Баласы күлүп турганга
Бай Жакып көзүн салганы.
— Элсиз, күнсүз болдуң деп,
Не көрүп балам күлдүң деп,
Өлтүрүп эрди сойдуң деп,
Өкүнүчкө мени койдуң деп
Жакып бай сөзгө алганы.
Жакыпка жооп айтканча,
Жабырлашып кырк чилтен
Балага келип калганы.
Атасын бала билбеди,
Адам көзүнө илбеди,
Амандашып сүйлөшүп,
Таанып калган кишини,
Таамай көрүп ошону,
Өлүп жаткан калмактын
Айтты кылган ишини.
Атама таяк салды деп,
Айдады кууп малды деп,
Өзүндөй кылып мен дагы
Өтүнүп таяк салдым деп,
Укурук менен бир салсам
Ушинтип өлүп калды деп.
Атам турат кайгырып,
Акылынан айрылып.
Жаш бала айтып салганы,
— Бери бастыр балам деп
Кырк чилтен сурап калганы.
Кайгырбагын өзүң деп,
Жумгун балам көзүң деп,
Кайберен кырк чилтен
Балага айтып туруптур,
Бала көзүн жумуптур.
Алды-артына караса,
Көз жеткен жердин баарында
Көп-көк темир кийинген
Көп аскер курчап туруптур.
Алтындуу таажы башында,
Агала сакал бирөө тур
Аскеринин кашында.
Жумуп турган көзү бар,
Сурай турган Манастын
Чилтендерден сөзү бар.
Чилтендерден кеп сурайт,
Көк темир кийген көп аскер
Бу кимдики деп сурайт.
Анда чилтен кеп айтат:
— Ак буйругу биздики,
Аскердин баары сиздики.
Башыңа дөөлөт конор деп,
Өлүп жаткан калмактын
Баласы жолдош болор деп.

