Ат коюлуп, той тарап,
Жер-жерине кеткени.
Арадан жети жыл өтүп,
Сегизге Манас жеткени.
Сегиз жылдын быягы,
Бала да болсо башында,
Быйыл сегиз жашында,
Пендеден башка сыягы.
Эркелетип энеси,
Аркалап жүрдү атасы.
Аркалабай не кылсын,
Артында жалгыз ботосу.
Ар мүчөсүн караса
Адамдан башка жотосу.
Кээ бир күнү караса
Кездей белин буунат,
Керээли кечке жуунат.
Кете берет бир күнү
Билгенин кылып, турбастан,
Жүрүп кетет кээ бирде
Бир ай да колун жуубастан.
Арам-адал түк билбейт,
Ар бир түрдүү иш кылат,
Ага-инисин көзгө илбейт.
Болуп турат кээ күнү
Байлоодо буудан мингендей,
Басып жүрөт кээ күнү
Байлатпаган жиндидей.
Улук мазар дегенди
Кыйык* атып ойногон,
Кыялына келгенин
Кылбай асты койбогон.
Балдарды көрсө жыйыптыр,
Мазарды көрсө кыйыптыр,
Бай Жакыптын бул уулу
Бир балакет кылат деп
Калайык ушак кылыптыр.
Дубана көрсө уруптур,
Асасын тартып алыптыр,
Азапка бөөдө салыптыр,
Андайын көргөн эл-журту
Акыр бир балаа кылат деп
Айыңдашып калыптыр.
Кожону көрсө коркутат,
Бир сабада кымызды
Колуна берсе бир жутат.
Акылы кетип аз болбойт,
Жарым челек аракты
Жалгыз ичсе мас болбойт.
Доргону* көрсө токмоктойт,
Жамбы* тийсе колуна
Чака пулча* токтотпойт.


Баркын билбейт дүйнөнүн,
Бай Жакып байкап күйгөнү,
Баары сөзүн бай Жакып
Байбичеге сүйлөдү:
— Аңдасам балаң акыл аз,
Жөнүн таппайт, дөөлөт мас,
Тил азар деймин, динге кас.
Мал азабын балага
Бир тарттырып көрөлү,
Жайлоодогу койчуга
Алты ай малай берели,
Эркелетип олтурбай
Катыктырып көрөлү.
Сөз айтууга жатыксын,
Сөөгү бышып катыксын.
Малдын баркын билгизип,
Малай кылып киргизип,
Дүнүйө баркын билгизип,
Түк кап* барып киргизип,
Ошпур деген койчу бар,
Оңдоп койсун ошолор.
Ал акылды бай Жакып
Байбичеге айтып салганы,
Макул экен бу сөз деп
Байбиче кабыл алганы.
Чакырды Жакып баланы,
Бай Жакыптын балага
Мал бактыруу талабы.
— Карыгамын атаң деп,
Кагылайын ботом деп,
Жылкы, төө малым бар,
Карып калдым, мал табар
Кайда менин алым бар,
Араң бир жүз коюм бар,
Ошпур деген бир бай бар,
Алтай баксаң козусун
Коюбузга кошумча
Кой берер деп оюм бар.
Бабаң Жакып мен деди,
Балам мал табар кезиң сен деди,
Барып Ошпур козусун
Аз күнү багып бер деди.
Жооп берди баласы,
Жоругу бөлөк Манасы:
— Ошпур кайда бай деди,
Баласы жок, малы көп,
Ал куруган кандай жан деди,
Ачка кылып койбосо
Жеткирип мени сал деди.
Бай бекен малы мол деди.
Арасы канча жол деди.
Анда Жакып кеп айтат,
Арасы күндүк деп айтат.
— Кой берүүчү бай болсо
Андан не үчүн качайын,
Жегениме май болсо,
Орун-төшөк жай болсо,
Чоң эмесмин, баламын,
Жообуңду ата алайын,
Токтобоймун, барамын,
Байкуш болор нээтим жок,
Мал табууга барамын,
Мени коюп, атаке,
Өз алыңды карагын.
Бармакка бала кубанды,
Бай Жакып келип токуду
Кула чабдар кунанды.
Ээрчитип Жакып алганы,
Эрмек кылып баланы,
Өз койчусу Ошпурдун
Короосуна барганы.
— Барсыңбы, Ошпур бай деди,
Жатырсыңбы жай деди.