Атасын көрүп жаш Манас
Урушмакка камынды.
Жылкычысы Ыйманы
Жаш кайыңдан кыйганы,
Кайыңдан кыйып катырган,
Кабыгы менен жаткырган,
Кара боолук тактырган,
Ыймандын алды колунан,
Бай Жакып үйгө келгенче
Балакет чыккан жолунан,
Качырып кирди жаш Манас
Калмактардын соңунан.
Укуруктун учунан кармап алганы,
Калмактын Кортук башчысын
Качырып келип жаш Манас
Как төбөгө салганы.
Укурук тийди башына,
Кан жабылды кашына,
Калмактын мээси агарып
Кошо кетти караса
Укуруктун башына.
Бекем башка чабылды,
Мээ курукка*2 жабылды,
Лайламалуу деп
Калмактар эстен жаңылды.
Аттан түшүп албайып,
Жер кучактап далдайып,
Жолдош болгон тогузу
Коркуп турду шалдайып.
Баласы укурук алды деп,
Башчы болгон Кортуктун
Башын жарып салды деп,
Баланы кармап алалык,
Башына шири салалык.
Үйгө алып барып кыйнайлык,
Алты зубун калмакты
Аяк-башын жыйнайлык.
Каңгайга кабар салалык,
Маңгулдун баарын алалык,
Бай Жакыпка түк койбой
Талап кетип калалык.
Кармайбыз деп камынды,
Карап турган Манаска
Кайгайлашып жабылды.
Укуругу колунда,
Ушунун кара соңуна.
Кармоого калмак жеткени,
Качырганда капырга
--------------------------
2* Укурук деген сөздүн ырдын ыргагы үчүн атайын бузулуп
айтылганы.