А сөзүн айтып салганы,
Аңдап билип байбиче
Бай Жакыпка барганы:
— Кутула албай жүрсүңбү
Курган жалгыз баламдан,
Бассам муунум бошонуп
Балам кетпейт санаамдан.
Кутула албай жүрсүңбү,
Көргөн жалгыз караңдан,
Көп чочунам шол жерде
Калмак деген арамдан.
Калмактын калың жеринде,
Алтайдын арбын элинде,
Азыр коюң Тушан тоонун белинде.
Тентек өскөн балаң бар,
Телмирип жүрөт бекен деп
Көңүлүмдө алаң бар.
Алып келгин баламды,
Сактатпаймын талааңды.
Байбиче сүйлөп салганы,
Байкап туруп бу кепти
Бай Жакып оюна алганы.
А күнү анда конгону,
Эртеңки жарык болгону.
Баланын алды кунанын,
Баянын билди булардын.
Баламды алып келейин,
Байбиченин колуна
Соо-саламат берейин.
Ошпур байым, жүргүн деп,
Ойду-тоону ойлонуп
Бай Жакып жолго салыптыр,
Ошо күнү кечинде
Ошпур байдын айлына
Бай Жакып жетип алыптыр.
Атасы Жакып кеп айтат:
— Айланайын каралдым,
Бери келгин деп айтат,
Козу бакпай коюпсуң,
Бир айча да болгон жок,
Бир түндө үчтөн союпсуң.
Урупсуң кары калмакты,
Калмак ойлоп кетиптир
Мени бир балаага салмакты.
Бай Жакып айтып салганы,
Манас угуп алганы.
— Эмне дейсиң, ата, деп
Бала көзүн салганы.
Корголоп жүрүп күн көрбөй
Коё койсом не болор?!
Качып жүрүп күн көрбөй
Катылышса көрөрмүн,
Каза жетсе өлөрмүн!
Калмактан мени кач дебей
Атаке, кайтып өзүң жөнөгүн!
— Энең алды эсимди,
Баласын малай берди деп
Эл кайтарды десимди,
Эми куру барганда
Энең алар эсимди.
Бай Жакып турду майышып,
Баласына кайышып.
Барбаймын деп айта албай,
Бай Жакып сөзүн кайтарбай
Бармак болду баласы,
Жакыптын тынды санаасы.
Кере күндүк жол эле
Бара турган арасы,
Асты жагын караса
Ак-Өтөктүн талаасы.
Алмалуунун алты суу
Айылынан түшчүлүк,
Жылкы жатар жери бу.
Жылкычы башы Ыйманды,
Ак-Өтөктөн көрүптүр
Асман баскан туманды,
Бу эмине тозоң деп
Айран болуп турганы.
Аңдап турса артынан
Жылкычысын токмоктоп,
Алты зубун * калмагы
Он чактысы чогулуп
Ортого алып кууганы.
Кулундары куюгуп,
Кунандары жарышып,
Куйругун сыртка салышып,
Аңгилери алышып,
Токтото албай жылкычы
Токмокту жеп калышып.
Жер коруган калмакка
Жетип Жакып барганы:
— Алты зубун нетти деп,
Жылкыны кызыл май кылып,
Эмне болуп кетти деп,
Апраңдабай баарыңар
Айтыңарчы кепти деп.
Жакыпты көрүп желгени,
Жылкычысы Ыйманы
Ыйлап жашын тыйбады,
Жанына жакын келгени,
Башы-көзү кан болуп,
Манас турат таң болуп.


Таңыркап Манас турады,
— Кимдин малы бул мал деп
Бай Жакыптан сурады.
Калмактар кандай урган деп,
Бу жылкы кайда мурун турган деп,
Эмне үчүн калмактар
Бу байкушту урган деп
Баласы сурай калганы.
Чыдай албай бай Жакып
Чынын айтып салганы:
— Балам, биздин жылкы деп,
Башы жок мал курусун,
Баштатан мазак кылды деп,
Алты зубун калмагы
Коруган экен жерин деп,
Отуз байтал, беш аттан
От майына бердим деп,
Ошону да азсынып
Кууп жылкым келди деп
Жакьш бай айта салганы.
Жакып байды көргөндө
Жарылдашып калмактар
Курчап келип калганы.
Тегеректеп турсак деп,
Тентегирээк сүйлөсө
Бай Жакыпты урсак деп,
Урмак үчүн камын жеп.
Кортук башчы кеп айтат,
Кайнатам Калдай деп айтат,
Ачууланды бу Кортук
Аминиңе шоодай*1 деп,
Анда Манас сурады
Атаке, бу эмине деди деп?
Анда Жакып муну айтат:
— Айланайын, балам деп,
Анын несин сурайсың,
Аябай азап тартууга
Азыр турат бабаң деп
Оозуна Жакып алганы,
Он калмактын бирөөбү
Озунуп келип Жакыпты
Оройго камчы салганы.
Башына камчы чабылды,
Тебетей чаңы кагылды,
Тегеректеп он калмак
Бай Жакыпка жабылды.
----------------------------
1* Жаман сөздөр менен калмак тилинде сөгүү.