Балдарына сойдурду,
Баягы турган алтоону
Шишкебекке тойдурду.
Балдарды минтип майтарып,
Басып жүрөт уктабайт,
Козуларын кайтарып.
Саргарган таң чыгыптыр,
Дагы кармап бу Манас
Бир козуну жыгыптыр,
Ач болобуз эртең деп,
Ойготту эле баарысын
Бешөө турду темтеңдеп,
Бачымыраак бышыр деп
Манас шашат энтеңдеп.
Шишкебегин сайышып,
Козуларын жайышып
Алты бала турушту,
Андай кылды жумушту.
Айылдагынын баарысы
Кечээ кечтен бери
Козу издешип курушту.
Койдун баары маарашып,
Козу кайда кеткен деп,
Бай Жакыптын баласы
Манас түпкө жеткен деп,
Кокту-кырдан карашып,
Кеткен экен шум балдар
Айыл таппай адашып.
Ошпур айтып ошону
Атка минип алыптыр,
Айгайды кырга салыптыр.
Саламаттын айылы
Санаалары бузулуп,
Козусу үчүн кысылып:
— Төрт балага неткен деп,
Адашып булар кеткен деп,
Кыргандыр го кыйласын,
Карышкыр түпкө жеткен деп,
Аттуу, жөөлү болушуп,
Адырдан издеп тепеңдеп,
Алда эмине болду экен
Аман тапсак экен деп
Алар дагы санап жүр,
Ар коктудан карап жүр,
Алмалуунун жылгада
Алыс жерден караса,
Айдап алып козуну
Алты бөрү талап жүр.
Кудай уруп коюптур,
Козунун көзүн оюптур,
Кырып жүрөт ана деп,
Кызталак балдар кана деп,
Саламат айлы баарысы,
Бу жактан келет кыйкырып
Кадоо, Ошпур карысы.
Туш-тушунан сабалап
Жетип келип караса
Карышкыр түгүл таш да жок,
Бая балдарынан башка жок.
Он-он беши жыйылып
Чогулушуп турады,
Не кондуңар мында деп
Жаш балдардан сурады.
— Береги Ошпур байдын малайы
Ойрон кылды далайды.
Үч козуну сойду деп,
Үйүбүзгө жибербей
Конуп жат деп койду деп
Балдар сөзүн салганы.
Байдын бирөө Саламат,
Байкап туруп бу кебин
Айран-азыр калганы.
Конгонуңар талаа деп,
Козуну бөлүп сана деп,
Конгон жерин карады.
Сана деген Саламат,
Жанында кыйла жамагат,
Эсен, түгөл козусу.
Энди Ошпурга кеп айтат:
— Эсебин ал козуңдун.
Козу эсебин алууга
Мен сенден мурун озундум.
Саламат айтып салганы,
Кадоо менен Ошпур бай
Козусун санап алганы.
Аман экен жуда* деп,
Апкаарышып жаш балдар
Манас козу сойду деп
Калп айтышты булар деп
Козуларын бөлүштү.
Айдап кырып жүргөнүн
Алыстан алар көрүштү.
Карыялар кеп айтат,
Бу кандай кеп деп айтат:
— Алты бөрү аралап
Жүрөт эле козуну,
Анык көрдүк ошону.
Келсек алты бала деп,
Ары бери ойлонуп
Көңүлүм болду ала деп,
Алыстан бизге көрүнгөн,
Алып-жулуп ыргыткан,
Ач бөрүлөр кана деп
Акылдашты чалдары,
Айдап алып козусун
Айылга барды балдары,
Айтор бир шумдук экен деп
Алар да айран калганы.