МАНАСТЫН БАЛАЛЫК ЧАГЫ
Чайдоосто чайы кайнаган,
Дасторкону жайнаган,
Албан түрдүү жемиштер
Оозго салып чайнаган.
Аларды көрүп алганы,
Жартысын жеген козусун
Жанына байлап салганы.
Козусу аман маарап тур,
Козуга Манас карап тур.
Жартысын жеп козунун
Көтөрүп алып кетти деп,
Көрдүм эле көз менен,
Бу козуга нетти деп,
Көтөрүп келип козумду
Карышкыр кайда кетти деп,
Кана, карап турган адамдар
Айтыңарчы кепти деп
Бала минтип сурады.
Көпкөрүнөө көзүмчө
Төгүлдү козу каны деп,
Өлгөндөй болду жаны деп
Эми келип бу жерден
Эч бир жерде тагы жок,
Тирүү көрдүм аны деп.
Бала токтоп калганы,
Баягы турган кырк адам
Балага көзүн салганы.
Коркпой сөздү тыңда деп,
Козуң турат мында деп,
Балага сөздү салганы,
Көрүп туруп эр Манас
Көңүлү айран калганы.
— Кайтарган козум көп деди,
Бир козумду көтөргөн
Бөрүнүн түрү көк деди.
Козунун жармын бөлдү эле,
Көзүмчө козум өлдү эле.
Ит сүрөттүү, тик кулак,
Бир кулач жерди бир чурап,
Козума бөрү жеткени,
Козумду кызыл кан кылып
Көтөрө качып кеткени.
Таштуу кырдан ашты эле,
Жалгыз менден качты эле,
Жаңы чыгып шашты эле.
Бөрү кайда кетти деп,
Бөлөкчө кылба кепти деп,
Бу сиздерге нетти деп,
Кууп келдим бөрүнү,
Бөрү качып сиздерге
Салган экен жөнүнү.
Артынан кууп мен келсем
Адам болуп калыпсыз,
Алып келип козумду
Аман байлап салыпсыз.
Ар борумуң бир бөлөк
Кайдан келген калыксың?
Көрдүңөрбү бөрүнү,
Көрүнүп кетсе сиздерге
Көрсөтүп кой жөнүнү.
Адамдар анда кеп айтат,
Аңдап көр, балам, деп айтат:
— Бөрү болгон биз деди,
Бөлөкчө жансыз сиз деди,
Кызыр Иляс деген бар,
Сизди кырк күндөн бери издеди.
Кырк чилтен деген биз деди,
Козуңа салган тиш деди.
Анда Манас кеп сурайт:
— Кандайлыктан адамдар
Карышкыр болдуң деп сурайт.
Карышкыр болгон кайсыңыз,
Кайсы экенин айтыңыз?
Кана көк бөрү болчу көрөйүн,
Көңүлүм анан бөлөйүн.
Айткан насиятыңа
Анан кийин көнөйүн.
Кандай жансыз билейин,
Кабарыңа кирейин.
Ал сөздү бала салганы,
Кызматта жүргөн кырк чилтен
Каткырып күлүп калганы.
Бир силкинип бирөөбү
Көк бөрү боло калганы.
Бирде бөрү, бирде адам
Анык сонун экен деп
Көөнүнө бала алганы.
Арт жагынан Чегебай
Бала келип калганы,
Манас менен кырк чилтен
Баарына көзүн салганы.
Маарап турган козуну
Аман көрүп ушуну
Айран азыр калганы.
Аял-уял сөзү жок,
Кырк чилтен айтып салганы:
— Баланын аты Чеге деп,
Мындан кийин мунун атын Чеге дебе деп
Кутман болор сага деп,
Дартыңа болор даба деп,
Куту бий болуп атанат,
Кудаанын атын жат алат.

