МАНАСТЫН БАЛАЛЫК ЧАГЫ
Отуз тогуз жолдошуң
Алардын аты колдо деп,
Олтурбайбыз бул жерде,
Жүрөлүк энди жолдо деп,
Кайып болду көзүнөн,
Кыпындай неме калбады
Кырк кишинин өзүнөн.
Эки бала энтелеп,
Козусун алып жетелеп,
Келди тоонун башына,
Көп козунун кашына.
Жана көргөн көп киши
Куп сыйлады мени деп,
Куту бий деди сени деп,
Белги калбай жоголду,
Бекер эмес өздөрү,
Бек айбат экен сөздөрү.
Колу тийди алардын,
Козу соо болгон жок,
Кой ушуну соёлу,
Этин жейли, тоёлу,
Ата-энебиз сураса
Аларга айтпай коёлу.
Акылдаша салышты.
Козуну союп алышты,
Жагарына оту жок,
Айран азыр калышты.
Бу козуну сойдук деп,
Сойгон менен ушуну
От таба албай койдук деп,
Жыйып алды жыгачты,
Ойсуратты отунду,
От таба албай отурду.
Ошонгуча болбоду,
Белине балта байлаган,
Беш таначар айдаган
Бир чал келип калганы,
Балдарга көзүн салганы.
— Кандай бейбаш баласың,
Бекеринен не үчүн
Козу союп саласың?
Эне-атаңа айтамын,
Айтып коюп кайтамын.
Абышка жолго салганы,
Оттугу бар жанында,
Бастырарда абышка
Бала тура калганы,
Ат жалынан алганы,
— Абышкам, токто, от бер деп,
Асылып бала калганы.
Абышка жайын сурасаң
Алтай тыргоот калмагы.
Үтүгүңө шоодай*1 деп,
Үтүрөйүп бу калмак,
Үксөндөгөн куу калмак
От бербеди балага.
Тогуз жашар баланын
Толук ачуу келгени,
Курдан кармап алганы,
Оодара тартып атынан
Чалды жерге салганы.
Чал жыгылды чалкадан,
Жүрөк, боору үзүлүп
Жүдөгөн чал өлөт деп
Жанындагы Кутубий
Жөлөп калды аркадан.
Чалдын көзү сүзүлүп,
Кур белинен үзүлүн,
Оттук менен бычагын
Кыраан Манас жаш бала
Чалдан тартып алганы.
Анда Манас кеп айтат,
Ачуусу келип бек айтат:
— Чагып бер десем чакмакты,
Көрбөдүм сендей акмакты.
Айтып бар деп Ошпурга,
Ачуусу келип ушуга,
Айдайсың тана мал деди,
Алдың каткан чал деди,
Айтып барып Ошпурга
Мага билгениң кылып сал деди.
Сенин танаңдын бирин соёюн,
Тамашага коёюн,
Аларсың Жакып байдан деп,
Ачуулансам бир жолу
Көчүрөм ушул жайдан деп,
Көз жеткен жердин баарынан
Көрбөдүм сендей айбан деп,
Айтып барып байыма
Талабыңа жет деди,
Тарпың калбай өлөсүң,
Чал аттанып кет деди.
Оттук, бычак, куруңуз
Олжо бизге мунуңуз
Оолак кет, эрте туруңуз.
Бу абышка кеп сурайт,
Бурут* кимдин баласы,
Жөнүн айтчы деп сурайт.
------------------------
1* Үтүгүңө шоодай — калмакча жаман сөз менен тилдөө.

