Жылкычысын чакыртып
Кашына Жакып алганы.
Кары-куру бээден,
Какбаш болгон аттардан
Төрт жүзүн айдап кел деди.
Атасы өлгөн балага,
Арада өлгөн калмакка
Аларга бөлүп бер деди.
Бергенин бөлүп алышты,
Береке таап калышты.
Жана Жакып жылкыдан
Жыйырма үч жылкы алдырып
Жыйынга союп салышты.
Казак, кыргыз, калмагы
Жыргап жатып калганы.
Манжудан келген журт үчүн
Атасы өлгөн баланы
Бий көтөрүп алганы,
Каратоко Мажик деп
Кабары кийин калганы.
Камданбай Жакып калбады,
Казак, кыргыз баарына,
Баягы Дөгөн карыга:
— Алсаң менде мал деди,
Ар түлүгум бар деди,
Алтын менен зар деди,
Барымды менден ал деди,
Бирок, балама көзүң сал деди.
Аскерге келген адамды,
Айылга жүр деп аларды
Баштап Жакып барганы,
Бая бий көтөргөн баланы,
Бириң койбой жүргүн деп
Баштап алып бай Жакып
Айылына барганы.
Жетимиш үйлүү тууганы
Бүгүн жетү жүз колду кондурду,
Жеп-ичкен жактан болтурду.
Эртесинде шашкеде
Элдин баарын жыйнатып,
Ата уулудан аксакал
Ат минсеңер жол деди,
Аягынын баарына
Аруу* жакшы тон берди,
Аттаныңар, кайтыңар,
Аман-эсен бол деди.
Ата уулулар ат алып,
Ар тарапка жол салып,
Аскер кайтып кеткени.