МАНАСТЫН БАЛАЛЫК ЧАГЫ
Өлгөн манжу өзүң деп,
Өлгөнүңө кун ал деп
Кечээ күнү биздерге
Не үчүн айткан сөзүң деп.
Ат арытып, тон тозуп
Алыстан келдик мында деп,
Чакырып алып биздерди
Бекер ишти кылба деп.
Жакып кыргыз — бурут деп,
Кайда жүрөт жылкыны
Талаша турган журут деп,
Кайра жылкы тозосуң
Өзүң напсиң куруп деп
Домабили күүлөнүп,
Дөгөндү көздөй сүйлөнүп:
— Өлгөн манжу сен деди.
Өч алууга буруттан
Өтүнүп келген мен деди.
Өзүң мени чакырып,
Өкүмсүнбө сен деди.
Чакырганың чын болсо
Чыгымымды бер деди,
Ат арытып, тон тозуп
Азап кылдың сен деди.
Аны укканда Дөгөндүн
Ачуусу абдан келгени,
Ал мунумду сен деди.
Көргөзөт мага көтүн деп,
Жарайын кулдун өтүн деп,
Атына камчы салганы,
Качырып барып Дөгөнгө
Ай балта шилтеп калганы.
Ай балта менен бирди жеп,
Атаңдын көрү алтай деп,
Дөгөн айгай салганы.
Манжулук кирди бакырып,
Кайдасың деп бир бирин,
Алтайлыкты жапырып.
Алар төрт жүз, бу үч жүз,
Чабышкан жери керме түз.
Ай балта башка шака-шак,
Чоюн баш башка чака-чак.
Найзаны төшкө мылгытып,
Манжулуктун кыйласын
Айлын көздөй дыргытып,
Домабил баштап эрлери
Токтотпой сүрүп келгени.
Кас чыкты калмак өзүнөн,
Кара учуптур көзүнөн,
Каардуу айткан кадимки
Домабил жайсаң* сөзүнөн:
— Кысталакты кырыңар,
Кызыл кыргын кылыңар,
Кыз, катынын олжолоп
Андан кийин тыныңар.
Аны айтып Домабил
Айгайды бийик салганы.
Манжулук качып баарысы,
Дөгөн баштап карысы
Айылга жакын барышты.
Айылынан алтайдын
Жана эки жүз барыптыр,
Кечээ күнү угушкан,
Кун алууга чыгышкан.
Жер жайнаган мол болуп,
Алтайлыктын келгени
Сегиз жүз кошун кол болуп,
Башчысы ким деп сурасаң
Эр Домабил зор болуп.
Тура албады бетине,
Манжулук качып камалды
Айылынын четине.
Катын, кызын олжолоп
Айдап алып кетмекке
Алтайлыктын нээтинде.
Чагалалап* баарысы
Камалган айыл четине.
Мылтыктарын октошуп,
Милтелерин чоктошуп,
Калмак деген сан талак,
Эки бети канталап,
Манжулуктун баарысы
Эси чыгып анталап,
Өлөбүз деп өкүрүп,
Өткөн ишке өкүнүп,
Үйүн кармап чеп кылып,
Арбып кетип алтайлык
Айрылдык кара жандан деп
Аманат жандан шек кылып.
Камалышып калышып,
Катын, кызы баарысы
Канжар, бычак алышып,
Баканын алып сүйрөшүп,
Балдыр-салдыр сүйлөшүп.
Кара жанын калкалап,
Качары жок аркалап,
Барары жок мааналап,
Кеп айта албай дааналап,
Уруша турсун ушулар.

