МАНАСТЫН БАЛАЛЫК ЧАГЫ
— Өңгөлөрүң кайда деп,
Өзөнгө жылкыңды айда деп,
Өмөлүп калмак кол келсе
Өз жаныңды жайла деп,
Калмак келип калар деп,
Кааласа жылкыны алар деп,
Жолдошторуңду алгын деп,
Жол чыңына салгын деп,
Бешөөң болуп алыңар,
Бекке боюң салыңар.
Санаты канча мага айтчы
Айдаган жылкы малыңар?
Кажылдаган калмакка
Урушкан менен шу жерде
Түк келе албас алыңар.
Манас айтып турганы,
Жылкычысы Ыйманы
Манаска моюн бурганы:
— Сегиз миң беш жүз жылкы деп
Санатын айтып турганы.
Алса баарын алар деп,
Алган менен жылкымды
Азапка өзү калар деп,
Жүр, кетели, энем, деп,
Ээрчитип алып энесин
Эркексип жолго салыптыр,
Баласынын артынан
Байбиче жүрүп калыптыр.
Эртеси жок кечинде,
Күн батар маал кезинде
Баягы өлгөн калмагы,
Калмактын сөөгүн алганы
Жетелеп алып бир атан
Жети калмак барганы.
Байбиче, бала жолунан
Калмактар чыгып калганы,
Кайдан жүргөн катын деп
Калмактар көзүн салганы.
Тарбын деген бир калмак
Тааныган экен баланы,
Так ушул бала жуткан деп
Алтооно айтып салганы.
Андай болсо нетели,
Муну айдап алып кетели,
Энеси экөөн алпарып
Эмгекке тирүү салалы,
Эми көкө теңир * бериптир
Көөп жүргөн баланы,
Көргөн жерден жибербей
Байлап алып баралы
Эр өлтүргөн баланы,
Энесин кошуп алалы.
Бирөө төөдө калганы,
Алтоо барды ат коюп,
Ат койсо да бат коюп.
Балага жакын барганы,
Баламды алат экен деп
Байбиче ыйлап зарлады:
— Көз катканда көргөнүм,
Көрүнгөн жалгыз эрмегим!
Карыганда көргөнүм,
Каралдым жалгыз эрмегим!
Билдиң бекен каралдым
Бизди кармап кетүүгө
Калмактардын келгенин.
Калмак келсе нетер деп,
Кайгырбачы, энеке,
Алты киши турбайбы
Алы кантип жетер деп,
Алтымышы келсе да
Алдырып ийсем бекер деп.
Алтоо келип аларды
Арага алып турганы,
Ат чылбырдан алууга
Бирөө колун сунганы.
Колуңду сунба капыр деп,
Кой өлөсүң акыр деп,
Тартты Манас чылбырды.
Энекеси Чыйырды
Не болом деп чыңырды.
Жана болбой жандырып
Калмак колду салганы,
Жаалданып эр Манас
Далысынан кармады.
Көтөрүп колго турганы,
Көз алдында Тарбынды
Бирин-бири менен урганы.
Тарбынга катуу тийгени,
Лайламалуу * деп
Өлүм тонун кийгени.
Анысы да өлгөнү,
Өлгөнүн анык көргөнү,
Катыла албай балага
Калганы качып жөнөдү.
Азабын артык тартышып,
Берки калган беш калмак
Эки өлүктү төөгө артышып:
— Бу бурут* кандай бала деп,
Жок белем буга даба деп,
Бир кишинин үстүнө
Жана бир кишини өлтүрүп
Кетишине кара деп
Калмактар кайра кайтышты,
Кажылдашып барышып
Көргөндөрүн айтышты.

