МАНАСТЫН БАЛАЛЫК ЧАГЫ
Энеси менен баласы
Кайтып үйгө барганы,
Бай Жакып көрүп баланы
Бакырыгын салганы:
— Эсен, тирүү келдиңби,
Эс акылдан тандым деп,
Эртеден сенден түңүлүп
Не кайгыга калдым деп,
Энең экөөң келген соң
Эсимди жыйып алдым деп,
Не кылар экен калмак деп
Эсим чыгып туш-тушка
Элге кабар салдым деп,
Бай Жакып айтып салганы.
Бай Жакыпка байбиче
Баласы кылган жумушун,
Ара жолдон калмактын
Алеңгир кылган урушун,
Атынан жулкуп бөлгөнүн,
Тарбынга тийип тарбайып,
Өлдү бирөө далбайып,
Өзгөлөрү катылбай
Кетти деди шалдайып.
Бай Жакып анда барк этип,
Ачууланып карк этип:
— Кызыталак калмактар
Кызыккан экен мага деп,
Кыргыз дагы кыйла журт,
Кырылышып көрөйүн.
Кырк миң жылкым бар экен,
Кылым кыргыз журтунун
Кызматына бөлөйүн.
Аркы атам аты Төрөн деп,
Намысташса калмактар
Ак жазганын көрөм деп,
Калмак курсун калар деп,
Мыктаганда мындагы
Сегиз миң жылкыны алар деп,
Өчүрүп өчүн жибербес
Өзү жүрсө балам деп,
Өчүмдү кийин алар деп
Бай Жакып кылды кайратты,
Байбиче көзүн жайнатты.
Байкап турат бай Жакып
Баласынын айбатын.
Өлгөндү албайт эсине,
Өртү күйүп көзүнө,
Эр өлтүрдүм бүгүн деп
Эгерим албайт эсине.
Эрикпей кулак салыңар
Эки эрин бирдей өлтүргөн
Калмактардын сөзүнө.
Жеке Кортук өлдү деп
Жети жүз калмак жетиптир.
Жергесинин баарысын
Канды булоон кылыптыр,
Калмак конуп калыптыр,
Зубун-зубун* калмактар
Эр өлгөн айылга барыптыр.
Канча малын кырышып,
Канды булоон кылышып.
Түгөтүп түрктү салабыз,
Түк койбой талап алабыз,
Кайда анын айлы деп,
Каңгыраган бу кыргыз
Кайсы жактан келди деп,
Бай болуптур мында деп,
Бай экен деп Жакыпка
Мамырчылык* кылба деп,
Жер талашып, эр өлгөн,
Акылмандар сында деп,
Кунду кандай алабыз,
Буга куугунду кандай салабыз
Айыпты кандай алабыз,
Айып алдык деп тим болбой
Азапка кандай салабыз?
Бай Жакып менен баласын
Бирөөн жутуп албасак
Адам болбой калабыз.
Бу сөздү айтып салганы.
Куптан маалы болгондо
Кужулдашып чуркурап,
Катындары чыркырап,
Баягы Манас тутуптур,
Барган жети кишинин
Дагы бирөөн жутуптур,
Өлүгүн жүктөп алыптыр,
Өзгөсү келип калыптыр.
Жолдон ага жолугуп
Жоболоңду салыптыр,
Качырса койбос какай* го,
Дагы бирди чалыптыр,
Каршы чыгып кармайм деп
Булардын кадеми катып калыптыр.
Колго келген калмакка
Койбой Жакып элинен
Коңшусун талап алмакка
Кобурашып баягы
Конок болгон калмакка,
Акылдашып олтурат
Аскерге келген калмакка,
Аламан коюп таң эртең
Аралдагы Жакыптын
Айлын талап алмакка.

