МАНАСТЫН БАЛАЛЫК ЧАГЫ
Бай Жакып да бакырып,
Бат жүргүн деп чакырып,
Байрактын башын жапырып,
Бай Жакып атка миниптир,
Булар марашып аткан экен де
Бачымдашып тепеңдеп,
Алар келип калганы.
Аркасынан Жакыптын
Андан-мындан жыйылган
Отуз киши барганы.
Антип-минтип чогулуп,
Жети жүз сексен кол болду.
Ошо колдун ичинде
Ортоктош болгон нойгут бар,
Кысыр чалган Жакыптын
Кызматын көргөн кыргыз бар.
Аркасы тийген найман бар,
Коңшулаш жүргөн коңурат,
Үйүрдөш жүргөн үйшүн бар.
Аралашкан алчын бар,
Аргындан Каракожо бар,
Ата уулудан кошо бар.
Анда Жакып бай айтат:
— Өлгөн киши өзүмкү,
Бу өзгө калмак не кылат?
Өлгөндүн кунун албайт деп
Өчөшүп мынча не кырат?
Талган калмак өзүмкү,
Талаада калмак не кылат?
Талгандын айбын албайт деп
Талкалап муну не кырат?
Атасы өлгөн бу бала
Алды менин тынчымды
Аягымды кучактап,
Айырып койгун ата деп
Агып жашы бурчактап.
Зарлап карап турат деп,
Талабына жеткирбей
Талатып ийсек уят деп,
Кыйналып бала турат деп
Кызы талак алтайга
Кырдырып ийсек уят деп,
Олжолотсок окус деп,
Таңда күнү бизди да
Талкалап кетер кокус деп,
Аламан коюп калыңар,
Атышкансып барыңар,
Айрып муну алыңар!
Бай Жакып айтып салганы,
Атасынын көрү калмак деп
Айдаркан сүйлөп калганы,
Муну айырбайт деген эмне деп
Манас айтып калганы.
Оңдошуп атын минишип,
Жарашып жарак кийишип,
Урушмак болду калмакка.
— Урушсак ушуну алабыз,
Ураанды ким деп салабыз?—
Көпчүлүк сурап калганы.
Көргүн Манас баланы.
Көк найза колго алганы,
Астындагы сур кунан
Атына камчы салганы.
Башка сөзгө карабай
«Манастап» ураан салганы,
«Манас*, «Манас», «Манас» деп
Ошо жерде баатырың
Чабуул коюп калганы.
Баары бирдей бакырып,
Кылкандай найза жапырып,
Башка сөз келбей оозуна
«Манастап» ураан чакырып.
Ак асаба, кызыл туу,
Айгайлаган ызы-чуу,
Көк асаба, кызыл туу,
Көк жаңырган улуу чуу,
Мылтыктарын сундуруп,
Айгай кулак тундуруп,
Желегин жерге жапырып,
Тозоңду тоодой сапырып,
Домабил шорун катырып
Кыйкырып кирип калганы,
Кыргынды кыйла салганы.
Айбатына тура албай
Ат соорусун салганы,
Аземилге бет алып
Ат коюп качып калганы.
Аламандап жети миң
Бирөөн жанчты экинин,
Үчөө өлдү жетинин.
Айбалталап чокусун
Оюп кетип баратыр,
Алты-бештен ар жерге
Союп кетип баратыр.
Чакыр-чукур чаң кылып,
Керме өтөктү кан кылып,
Өлтүргөнүн сан кылып
Керменин Кара-Белине
Кирип кетип баратыр,
Сазайларын калмактын
Берип кетип баратыр,
Сакал менен мурутун
Санап казак, кыргызың
Терип кетип баратыр.

