Кеңешип кебин бүтүрүп,
Жарык болду таң сүрүп.
Жебелерин асынып,
Жергелешип бастырып,
Колокторун* асынып,
Кылкылдашып бастырып,
Милтелерин чоктошуп,
Жүз-элүүдөн топтошуп
Калмактар жолго салганы,
Кайыңдуунун өзөндө
Кайнап аткан жылкынын
Караанын көрүп алганы.
Бу да Жакып малы деп,
Буйрук бизге баары деп,
Чабуул коюп калганы,
Эки миңден, бир миңден,
Эңшерип тийип айдады.
Колду көрүп шекинип,
Жылкычысы Ыйманкул
Жылгага кирди бекинип.
Каңгайлап калмак тийишти,
Кара жагал тондорун*
Сыртынан баса кийишти.
Манжулук биздин эр өлдү.
Алтайлык сага не болду?
Көңтөрүп баарын аларсың,
Көңүлүңө карасак
Көзүңө илбей барасың.
Эрим өлгөн менден деп,
Эмнең чыкты сенден деп?
Алтайлыктын калмагы
Насыбы айдап келген деп,
Бай Жакыптын малы деп,
Өлгөн калмак манжулук,
Өзүбүз олжо алсак деп,
Жаман атты жазыгын
Бизге коюп салсак деп,
Бай Жакыптын жылкысын
Баарын тийип алсак деп,
Аз болгондо сегиз миң
Алып кетсек баарысын,
Азабынын баарысын
Манжуга коюп салсак деп,
Пайдасын көрүп алсак деп
Акылыңар ушул деп,
Мындагынын баарысы
Адамбы деп ойлойсуң,
Же айткан тилге болбойсуң.
Алтайдан келген калмактар
Өкүмдүгүн койбойсуң,
Мындагынын баарысын
Өлүк го дей ойлойсуң,
Бай Жакыптын жылкысын
Баарын алсаң тойбойсуң.
Байкасаңар болбойбу,
Ээсиз калган бу малдан
Эки миң алган тойбойбу,
Эптүү алсаң болбойбу?
Аны айтып акырып,
Айыл башы Атакул:
Манжулуктар өлдүңбү,
Мобуларды көрдүңбү,
Бай Жакыптын жылкысын
Баарын айдап бердиңби?
Элинен азган бу бурут*
Эртең өчүн албайбы,
Эңсеңер катып калбайбы?!
Жанына батса Жакып бай
Алы келбей калса да
Арызга бир күн барбайбы,
Азапка бизди салбайбы?
Эки эрге кун десе,
Алар акың бул десе,
Артык алган жылкынын
Азабы бизге калбайбы?
Кунуңду качан алдык деп
Алтайдан келген калмактар
Куйругун сыртка салбайбы?
Дөгөн деген башчысы,
Эки жүз элүү түтүндүн
Эл бийлеген жакшысы,
Үч жүздөй экен жасоосу,
Жакып байдын жылкысы
Укурук, жүгөн тийбеген
Үркүп жүрөт азоосу,
Дөгөн келди бакырып,
Жылкыны кайра жапырып.
Алтайлык келди акырып,
Домабил деген башчысы
— Токтотпо, деп бакырып.
Айып алгандыкы деп,
Атасынын көрү кыргыздын,
Алгандын кетем баарын жеп!
Кун куугандыкы деп,
Куруп калсын кыргыздар,
Куугандын кетем баарын жеп!