МАНАСТЫН БАЛАЛЫК ЧАГЫ
Ушуну айтып Сарбанды
Ат которуп мингизип,
Айтып сөзүн билгизип
Бай Жакып жолго салганы,
Ат аябай Сарбаны
Күн чалганда барганы:
— Бай Жакып бай өлдү деп,
Малын калмак бөлдү деп,
Онго жетпей баласы,
Ойрон болгон Манасы
Ошо кошо өлдү деп,
Өлгөнүн көзүм көрдү деп.
Сарбанбек кабар салыптыр.
Ал кабарды укканда
Казак, кыргыз, кара түрк
Сапырылып калыптыр.
Күлүктү минип тыңданып,
Күрөөкө кийип чыңданып,
Кызырлуу Жакып бай эле,
Кызматы кетер бөөдө деп,
Кыжылдаган калмактар
Кайдан бизден өөдө деп,
Найзанын башы шоодурап,
Азамат көзү жоодурап,
Бел байлаган жигиттен
Беш жүзү чыкты бөлүнүп,
Беш атанын уулунан
Белгилеген байрактан
Беш-алтысы көрүнүп.
Беш-алты жүз кол менен,
Жүрө турсун ушулар
Чынжырдан чыккан жол менен.
Аны таштап салыңар,
Чыйырдынын кабарын
Не болду угуп алыңар.
Бозтайлак атты моюндап,
Ыйлап жашын коюндап,
Жалгызым менин нетти деп,
Каралдым кайда кетти деп,
Жылкынын салып сүрдөөнө
Кезикпей жандын бирөөнө
Байбиче жолго салыптыр.
Жылкыга жакын келгенде
Баласы чыгып калыптыр.
— Энеке, сага не болду,
Эсиң кайда жоголду?
Элким жолго түшүпсүз
Ыйлагандай түрүң бар,
Эки көзүң шишипсиз.
Бозтайлак минип алыпсыз,
Болжолсуз келип калыпсыз.
Кандай келдиң өзүңүз,
Кайгыргандай сөзүңүз,
Жаш ордуна кан агып
Ыйлаганга окшоп көзүңүз.
Атамдын атын минипсиз,
Ашыгып жолго кирипсиз,
Айтчы, энеке, сырыңды,
Сиз бир немени билипсиз?
Бала сурап калганы,
Байбиче сөзүн салганы:
— Атаң барды акырып,
Айгай салып бакырып,
Жылкымды калмак бөлдү деп,
Жер коруган калмактан
Жети-алтысы өлдү деп,
Өлгөнүн көзүм көрдү деп,
Беш жылкычы, бир балаң
Калмакты сүрүп бөлдү деп.
Токтоттум деп аларды,
Кудай билет алардан
Бирөө тирүү каларды.
Кайра тартып карасам
Алты өзөндүн Ак-Түзгө
Калмактан өлүк толду деп,
Кандайлыктан билбедим,
Балам жинди болду деп,
Кыйкырсам укпай койду деп,
Кызык жинди болду деп,
Жүр десем болбой койду деп,
Жүйө жок жинди болду деп
Түңүлүп сенден калыптыр,
Түнөрүп атаң барыптыр,
Айласыз жинди болду деп,
Аңдабай кепти койду деп.
Эси чыгып калмактан
Элиргенин билбедим,
Же коркуп калып калмактан
Корунганын билбедим,
Же койбой турган балакет
Тооруганын билбедим.
Атаңдын сөзү ушу деп,
Аның үчүн энекең
Ашыгып келген тушу ден
Энеси айтып сөздөдү,
Сөзүнө бала көздөдү.
Аманыңда кетели,
Ай талааны нетели,
Энеси айтып салганы.
Жылкычысы Ыйманды
Эсине бала алганы.
— Кайда кеттиң Ыйман, деп
Кырга чыгып жаш бала
Кырдан туруп кыйкырды.
Кыйкырыгын укканы,
Жылкынын бир жак четинен
Мен мында деп чыкканы.

