МАНАСТЫН БАЛАЛЫК ЧАГЫ
— Көз катканда көргөнүм,
Көлөкө жалгыз эрмегим.
Мен шордууда не акыл,
Барбардигер кудурет
Мага бир мээнеттүү бала бергенин
Карасын көрбөй баламын
Каңгырап кайда барамын,
Как талаада калуучу
Менин ушу беле талабым?!
Койчу кылып кор кылдың,
Караанын көргөз баламын!
Жылкың менен жылас бол,
Калабаны салганың,
Калмактын бирөөн өлтүрүп
Качып келип калганың,
Каралдым жинди болду деп
Кабарды мага салганың.
Өлгөнүн көзүң көрбөйбү,
Өзү жалгыз алданын
Өкүмүнө көнбөйбү,
Же качырбай кармап келбейби,
Каралдың минтип калды деп
Менин как өзүмө бербейби?!
Баламды таштап талаага,
Жолугупмун шум башым
Балага мерес балаага.
Өлгөн калмак өлгөндүр,
Өлгөнүн келип көргөндүр,
Калмак өлсө кашайтып
Менин каралдымды көмгөндүр.
Орой жаш бир баланы
Өмөлсө калмак сойбойбу,
Өксүтүп мени койбойбу,—
Муну айтып Чыйырды,
Муңканып ыйлап чыңырды.
Жакасын айрып тонуну,
Жалдырады, карады
Жакыптын келген жолуну.
Караса бала көрүнбөй,
Байбиче чыкты эринбей,
Кырга чыгып карады,
Кыйла санаа санады.
Кой, байдын атын минейин,
Бастырып жолго кирейин,
Өлдү бекен, тирүүбү
Өзүм барып билейин.
Аман бекен жалгызым
Аны барып көрөйүн,
Колунда болсо калмактын
Анын кордугун көрбөй өлөйүн,
Камбар боздун үйрүнөн
Кармап минген Бозтайлак,
Бозтайлак атка минейин,
Ботомдун жөнүн билейин.
Атасы айтып келди деп,
Ажына * шайтан минди деп,
Не болгонун биле албай
Энтелеп мага келди деп,
Байбиче муну ойлонуп,
Баскан бойдон толгонуп
Бозтайлак чечип алганы,
Ботом эй, атты чечкен бу ким деп,
Бай Жакып чыга калганы.
Минесиң атты кайда деп
Чылбырдан кармай калганы
Чымырканып Чыйырды
Чылбырын сууруп алганы.
— Байкуш болгон мен деди,
Баладан тойгон сен деди.
Өлүүбү-тирүү билбейсиң,
Өчөшкөнсүп балага,
Баланы таштап талаага,
Өзүңдөй жүрчү ким дейсиң?
Бозтайлак менен болукшуп,
Байбиче чыкты толукшуп.
Бара турсун байбиче,
Аны таштап салыңыз,
Алиги барган баладан
Айтылсын кабар алыңыз.
Караса бала көрүнбөй,
Байбиче чыкты эринбей,
Кырга чыгып карады,
Кыйла санаа санады.
Кой, байдын атын минейин,
Бастырып жолго кирейин,
Өлдү бекен, тирүүбү
Өзүм барып билейин.
Аман бекен жалгызым
Аны барып көрөйүн,
Колунда болсо калмактын
Анын кордугун көрбөй өлөйүн,
Камбар боздун үйрүнөн
Кармап минген Бозтайлак,
Бозтайлак атка минейин,
Ботомдун жөнүн билейин.

