Түн боюнча жол жүрүп,
Ат аябай мол жүрүп
Түрктөн келген кишилер
Жакын келип калыптыр,
Мынча аскер келдик деп
Жакыпка кабар салыптыр.
Таң атканда бай Жакып,
Бай Жакып болуп башында,
Балта чалы кашында,
Алтымыш киши аттанып,
Аксакал Жакып шаттанып,
Бармак болуп жылкыга
Бай Жакып жолго салганы.
— Барам, ата, мен да деп,
Ак сур бышты токунуп
Манас да жөнөп калганы.
Жылкыны салган жерине,
Жыйылган калмак элине
Бай Жакып көзүн салганы.
Аман экен малым деп,
Арбын калмак кол экен,
Аламандап ат койсо
Азыр келбес алым деп,
Караанын көрүп камалып,
Бараанын көрүп байланып,
Титине албай көпчүлүк
Сийдиги булут айланып,
Бадалдуунун оюна
Бай Жакып токтой калганы.
Өлгөн Кортук баласы,
Өздөрүнө белгилүү
Акылынын даанасы,
Аты Шакум бу бала
Акылы даана куу бала.
Өз кордугун көргөнчө
Жат кордугун көрөйүн,
Бакылга башым бийлетпей
Март кордугун көрөйүн,
Барып алып бу көрө
Жакыпка кабар берейин.
Жайымды айтып салайын,
Жакып байга барайын.
Жанында болсо баласы,
Жаңы өспүрүм Манасы
Жайы-көйүн көрөйүн.
Муну ойлонуп бу бала,
Мурунтан Шакум куу бала,
Уруштан чыгып бөлүнүп,
Астындагы куу чабдар
Учкан куштай көрүнүп,
Бала Шакум барганы
Бай Жакыпты көргөндө
Көздөн жашы төгүлүп.
Түшүп аттан баш уруп,
— Алтайлык түпкө жетти деп,
Айлымды талап кетти деп,
Аксакал Жакып баатыр деп,
Алтайлыктан кол келип
Айлымды талап жатыр деп,
Аман койбойт бир жанды
Ажылдаган капыр деп.
Атам өлдү сиздерден,
Манжудан келген аз айыл
Асты аргабыз калбады
Бөлөктөн жардам издээрден.
Кыргыздан келген сиз элең,
Кытайдан келген биз элек,
Кырганы жатат алтайлык,
Кыйлабыз өлүп тамтайдык.
Жайытта жаткан малыңды
Жалгызын койбой айдады,
Артык алба малын деп
Айтып шорум кайнады.
Аяйсың деп бурутту
Айлымды кырып курутту.
Үйдү кармап чеп кылып,
Үлкөн улук кеп кылып,
Өлчөп турбуз өзүбүз
Өлөбүз деп шек кылып.
Койчу, Жакып атаке,
Корооңо барып коноюн,
Коңшулаш тууган болоюн,
Кокус өлгөн атама
Козуңду да албай коёюн!
Айлыңа барып коноюн,
Аралаш тууган болоюн,
Ажалдан өлгөн атама
Албастан кунум коёюн!
Шакум бала бу кепти
Жакыпка айтып салганы.
Чынжырга салган жол менен.
Камбардын уулу Айдаркан
Карк алты жүз кол менен,
Байрактары делбиреп,
Кайкаңдан чыга калганы.
Аны көрүп бай Жакып
Бачым жүрө көргүн деп,
Айгайды азыр салганы.
Аны көрүп алар да
Ат коюп жүрүп калганы.