КӨКЧӨНҮН ТЕГЕРЕГИНДЕГИЛЕРДИН БУЗУКТУГУ
Алып берген Алмамбет,
Асылын көргөн казактар,
Кыйратып берген Алмамбет,
Кызыгын көргөн казактар.
Калмактан айдап мал келет,
Казакка бөлүп тим берет.
Маңгулдан айдап мал келет,
Баарысын бөлүп тим берет.
Жалпы баары бай болуп,
Оригиналда — бул жерде тема жок.
Ичкени кара чай болуп,
Кийгени тубар шайы болуп,
Катынсыз жаштар бой болуп,
Уулаганы той болуп,
Эл байыса экен деп
Эр Алмамбет ойлонуп,
Толгонуп мында келгени,
Тогуз жылга карк толуп.
Арасынан алачтын
Уурулугун. айыбын,
Уруш-талаш майыбын
Эрден чыккан зайыбын
Алмамбет акыр бүтүрөт,
Кимдин калса мүдөөсү
Алмамбетке жүткүнөт,
Арызчы-муңчу баарысы
Алмамбетке барышчу,
Кара кылды как жарып,
Кан Алмамбет бүтүрөт.

